Президенттин тапшырмасынан кийин көлдө балык уулоонун тарифин арзандатмай болушту
RU

Президенттин тапшырмасынан кийин көлдө балык уулоонун тарифин арзандатмай болушту

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Балык өнөр жайы комплекси департаменти спорттук жана ышкыбоздук балык уулоого байланыштуу төлөмдөрдү төмөндөтүүнү караган токтом долбоорун иштеп чыгып, макулдашууга жөнөттү.

Министрликтин маалыматында тиешелүү тапшырманы Садыр Жапаров Ысык-Көлдө балыкчылар менен болгон жолугушуусунан кийин койгону айтылат.

Долбоордун негизги максаты - балык уулоонун шарттарын жеткиликтүү жана ыңгайлуу кылуу.

Сунушталган жаңы тарифтер:

Ысык-Көлдө чабак, чабакча жана сазан балыктарын уулоо үчүн:

  • 1 сутка - 313 сом
  • 2 сутка - 463 сом
  • 3 сутка - 613 сом

Ысык-Көл жилингири балыгын уулоо үчүн:

  • 1 сутка - 363 сом
  • 2 сутка - 563 сом
  • 3 сутка - 763 сом

Токтом долбоору кабыл алынгандан кийин жаңы тарифтер күчүнө кирет. Бул өзгөртүү спорттук жана ышкыбоздук балык уулоону өнүктүрүүгө жана жарандар үчүн анын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://oper.kaktus.kg/18127