Илон Маск WhatsApp`ты колдонуунун коопсуздугу тууралуу үн катты
RU

Илон Маск WhatsApp`ты колдонуунун коопсуздугу тууралуу үн катты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Америкалык миллиардер, SpaceX жана Tesla компанияларынын негиздөөчүсү Илон Маск дагы бир жолу WhatsApp мессенджери жеке маалыматтарды коргоо өңүтүнөн колдонуу кооптуу экенин билдирди.

Ишемби күнү өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында Маск колдонуучунун билдирүүсүнө жооп кайтарды. Анда WhatsApp`тагы шифрлөө каттарды толугу менен коргоого мүмкүндүк берет деген дооматты талкуулады.

"WhatsApp дегеле коопсуз эмес", - деп жазган бизнесмен.

Маск буга чейин WhatsApp колдонуучуларынын маалыматтарын күн сайын кечинде экспорттойт деп айткан. Буга ылайык, ал кыйыр түрдө мессенжердин жаратуучуларын колдонуучулардын жеке маалыматтарын уурдап, Meta Corporation компаниясына өткөрүп берген деп айыптаган.

Андан соң WhatsApp`тын башкы директору Уилл Кэткарт Масктын билдирүүсү чындыкка дал келбейт деп жооп берген. Ал WhatsApp"тагы билдирүүлөр аягына чейин шифрленгенин, ошондуктан Мета ага кире албайт деп айткан.

Апрель айында Wall Street Journal гезити улуттук коопсуздукка байланыштуу КЭР бийлигинин өтүнүчү боюнча Apple компаниясы Meta компаниясына таандык WhatsApp мессенджерин жана Threads социалдык тармагын Кытайдагы App Store дүкөнүнөн алып салууга аргасыз болгонун жазган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://oper.kaktus.kg/16567