Президенттин маалымат катчысы Россиядагы мекендештерди Кыргызстанда иштөөгө чакырды
RU

Президенттин маалымат катчысы Россиядагы мекендештерди Кыргызстанда иштөөгө чакырды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өлкө башчы Садыр Жапаровдун маалымат катчысы Аскат Алагөзов Россияга миграцияга кеткен кыргызстандыктарга кайрылып, өлкөдө кайтып келүүгө чакырды. Ал мындай билдирүүсүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.

"Россияда тигүү тармагында иштеп жүргөн эже-карындаштар, курулуш тармагында иштеп жүргөн ага-инилер, сиздерди Кыргызстанга келип иштөөгө чакырам.

Азыркы тапта Кыргызстанда тигүү тармагында да, курулушта да жумушчу күчтөрү жетишпей жатат. Албетте, сиздерди кызыктырган эмгек акы-маяналар Россияда иштеп тапкан менен бирдей эле болот. Эң башкысы Ата мекениңерде, өз үй-бүлөңөрдүн жанында иштеген жакшы эмеспи", - деди ал өз кайрылуусунда.

Алагөзов кененирээк маалымат алууну каалагандар үчүн байланыш номерлерин да калтырды:

  • 1899 (Кыргызстан ичиндеги чалууларга);
  • 0559189900 WhatsApp.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://oper.kaktus.kg/17340