"Баары жомок". Нурланбек Тургунбек уулу өзүнө карата айтылган айыптоолорду четке какты
RU

"Баары жомок". Нурланбек Тургунбек уулу өзүнө карата айтылган айыптоолорду четке какты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу "парламенттик шайлоодо тизме түзгөн" деген дооматтарын четке какты. Бул туурасында экс-спикер Биринчи Май райондук сотуна кирип баратып билдирди.

"Мунун баары жомок. Анын акыркы айткандары боюнча ушул процесстердин башында өзү тургандай. Өзү эле бир нерселерди айтып жатат. Мына соттун жүрүшүндө деле ал айткандай эмес тескери болуп жатат. Эч кандай чындыкка дал келбейт", - деди ал.

Ошондой эле мурдагы спикер шайлоодон кийин Аксыдагы үйүндө Жогорку Кеңештеги кызматтар талкууланган деген сөздү төгүндөп, ал жерде депутаттар бири-бирин куттуктап, бир чыны чай ичип, тарап кетишкенин, эч кандай саясат болбогонун айтты.

Ал эми бийликти басып алууга аракет кылган деген айыптоолорго абсурд деп комментарий берди.

"Мен бийликте турганда кантип бийликти басып алам? Өзүмдүн бийлигимди өзүм басып аламбы? Мындай айыптоолор абсурд", - дейт Нурланбек Тургунбек уулу.

Белгилесек, ушул күндөрү "75чилердин каты" боюнча соттук отурум өтүп жатат. Негизги айыпталуучулар катары УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Курманкул Зулушев, мурдагы спикер Нурланбек Тургунбек уулу, ошондой эле Бекболот Талгарбеков, Курсан Асанов, Курманбек Дыйканбаев, Аалы Карашев жана Эмилбек Узакбаев сотко катышууда.

"75чилердин каты" боюнча соттук териштирүү (16 статей)
Прокурорлор Ташиевди жана башка шектүүлөрдү 9 жылга эркинен ажыратууну суранды
29 Июнь 2026, 17:11
Адвокат: Ташиев прокурорлорго айыптоолорду алып салууну сунуштады
29 Июнь 2026, 15:41
"75чилердин каты" боюнча сот кайра жабык өтүп жатат (видео)
22 Июнь 2026, 11:18
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://oper.kaktus.kg/18125