Жанар Акаев Сулайман-Тоону ЮНЕСКОнун тизмесинен чыгаруу пикири боюнча түшүндүрмө берди
RU

Жанар Акаев Сулайман-Тоону ЮНЕСКОнун тизмесинен чыгаруу пикири боюнча түшүндүрмө берди

Все самое интересное в Telegram

Ош шаарынын мэри Жанар Акаевдин Сулайман-Тоону ЮНЕСКОнун бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесинен чыгаруу тууралуу пикири коомдо кызуу талкууланды. Калаа башчысы айтылган сындарга жооп кылып, кеңири түшүндүрмө берди.

Ал өзүнүн Facebook баракчасында Сулайман-Тоонун айланасы көп жылдар бою кароосуз калганын айтты. Мисалы, Гапар Айтиев көчөсү алгачкы курулуштан бери жаңыртылган эмес. Бул жол жакында эле реконструкцияланган жана мэрия тоонун экинчи тарабында реконструкция иштерин баштоону пландаштырган. Жанар Акаев Сулайман-Тоону башаламан жайга айлантуу ниети жок экенин, болгону тоонун аймагын көрктөндүрүп, эс алууга шарт түзөлү деген ою болгонун айтты.

Калаа башчысы Сулайман-Тоонун айланасын көрктөндүрүүгө 2020-жылы Дүйнөлүк банк 12 миллион доллар бөлгөнүн, бирок бюрократиялык кечигүүлөр каражаттын алты жыл бою жумшалышына тоскоол болгонун эске салды.

"Дайыма эле чектөө болбошу керек. Биз алдыга карап да жылышыбыз керек. Тоонун айланасын заманбап кылып оңдоп коёлу деген ойду айтып келатам. Мен жөн гана процессти тездетели, ар бир ташты макулдашып отура бербейли деген мааниде айткам. Мен Сулайман-Тоонун ЮНЕСКОнун тизмесинде экенин, ыйык деп саналарын жакшы түшүнөм. Бирок биз ашыкча бюрократияга жол бербешибиз керек деп ойлойм", - деди мэр.

Ал ошондой эле "Сулайман паркы" соода борборун куруп жаткан ишкер Нариман Түлеев Сулайман-Тоону ЮНЕСКОнун тизмесинен алып салууну сунуштабаганын билдирди.

"Соода борбордун курулушун тездетүү боюнча Нариман Түлеев менен 5-10 мүнөттөй сүйлөшкөнбүз. Адилеттүүлүк үчүн айтып коёюн, ал киши Сулайман-Тоону дүйнөлүк мурастар тизмесинен чыгарууну сунуштаган эмес. Түлеев улгайган адамдар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар асма жол менен чыкса деген оюн айткан жана мен аны мисал иретинде блдиргем. Биз тоонун тегерек-четин ЮНЕСКОнун жана Маданият министрлигинин талаптарынын чегинде гана өнүктүрөбүз", - деди ал.

Белгилесек, буга чейин мэр Жанар Акаев Сулайман-Тоону ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесинен чыгарууну сунуштоого ниеттенип жатканын билдирген. Ал мисал иретинде Нариман Түлеев "Сулайман парк" соода борборунан тоого чейин асма жол куруу идеясын айтканын, бирок ЮНЕСКОнун талаптарына байланыштуу бул долбоор ишке ашпай калганын билдирген. Кийинчерээк Түлеев мэрдин айткандарын четке каккан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://oper.kaktus.kg/18634