"Ырыс-Ордо" конгресс-холлунун ачылышына Шакиев, Зулушев да келди
RU

"Ырыс-Ордо" конгресс-холлунун ачылышына Шакиев, Зулушев да келди

Все самое интересное в Telegram

Бишкекте 24-августта "Ырыс-Ордо" мамлекеттик конгресс-холлунун ачылышы болду.

Анын ачылышына саясатчылар, журналисттер, маданият ишмерлери, бизнес өкүлдөрү, элчиликтердин жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү чакырылган.

Келген коноктордун арасынан "75чилердин каты" боюнча айыпталган Курманкул Зулушев, Нурланбек Тургунбек уулу жана Эмилбек Узакбаевди көрүүгө болот.

Ошондой эле конокторго даярдалган орундуктардын арасынан УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин аты-жөнүн кездештирүүгө болот. Ага өзүнчө орун бөлүнгөн, бирок Ташиев иш-чарага катышкан эмес.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://oper.kaktus.kg/18618