BAKAI Picnic 6000ден ашык конокту чогултту: музыка, эмоция, жайдын жыйынтыктоочу фестивалы
RU

BAKAI Picnic 6000ден ашык конокту чогултту: музыка, эмоция, жайдын жыйынтыктоочу фестивалы

Все самое интересное в Telegram

BAKAI Picnic 2026 масштабдуу музыкалык иш-чарасына 6000ден ашуун конок катышты. Жайкы фестивалдардын сезонун жыйынтыктаган ачык асман алдындагы бул концерт музыка, жакшы маанай жана майрамдык атмосфера менен эсте калды. Эл сүйгөн артисттер, легендарлуу хиттер жана чоң майрам түзүп берген өзгөчө маанай конокторду бир аянтчага чогултуп, унутулгус эмоцияларды тартуулады.

BAKAI Picnic 2026 сахнасында K-MARO, "БАНД"ЭРОС", "Отпетые мошенники" жана TASSO сыяктуу популярдуу ырчылар, топтор өнөр көрсөтүштү. Фестивалдын коноктору ар кайсы муундун сүйүктүү хиттерин угуп, чыныгы музыкалык майрамдын бир бөлүгү болушту.

Мындан тышкары, конокторго масштабдуу концерттик программа менен катар, күндүн аягына чейин фуд-корттор, барлар жана жайкы фестивалдын атмосферасын тартуулаган аянттар да уюштурулду. BAKAI Picnic музыка, эмоция жана жайды чогуу узатууну көздөп келген миңдеген адамдарды бириктире алды.

Фестивалдын өзгөчө учурларынын бири – "BAKAI UFC чемпиону бол" акциясынын биринчи этабынын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктарды тапшыруу аземи болду. BAKAI Picnic 2026нын башкы сахнасында миңдеген коноктордун алдында жеңүүчүлөргө татыктуу сыйлыктар тапшырылды. Ал эми BAKAI"дын амбассадору жана UFC чемпиону Валентина Шевченко аларды жеке өзү куттуктап, атайын видео кайрылуусун жолдоду. Бул видео акциянын катышуучулары үчүн өзгөчө белек болуп, BAKAI"дын спорттук экосистемасынын деңгээлин дагы бир ирет көрсөттү.

Акциянын катышуучуларына башкы сыйлык – UFC беттешине унутулгус саякат тартуулаган эки кишилик сапар ыйгарылды. Сыйлык авиакаттам, мейманканада жайгашуу жана UFC Fight турнириндеги беттешке билеттерди камтыйт. BAKAI UFC чемпиону үчүн утуш оюну уланууда: 2026-жылдын 31-октябрына чейин BAKAI"дын Visa UFC картасынын ээлери "упайларды" топтоп, кийинки чемпион болуу мүмкүнчүлүгүн жогорулата алышат.

BAKAI Picnic - BAKAI"дын lifestyle-экосистемасын өнүктүрүүнүн дагы бир мисалы. Бул жерде финансы, технология, спорт, музыка жана жаркын эмоциялар бир мейкиндикке биригет.

BAKAI менен бул күндү бирге өткөрүп, жайдын соңун өзгөчө шаңга бөлөгөн ар бириңиздерге чын дилден ыраазычылык!

BAKAI UFC акциясы тууралуу кененирээк.

Улуттук банктын лицензиясы №043.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://oper.kaktus.kg/18616