1 катталуучу үчүн 5 таштанды. Бишкектин булганган жерлерин тазалаган экоактивисттин маеги
RU

1 катталуучу үчүн 5 таштанды. Бишкектин булганган жерлерин тазалаган экоактивисттин маеги

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Климаттын өзгөрүшү, абанын булганышы, таштанды көйгөйү Кыргызстан үчүн да актуалдуу маселелердин бири. Адистер экологиялык көйгөйлөрдү чечүүдө мамлекеттик саясат менен катар ар бир жарандын жоопкерчилиги чоң экенин белгилешет.

Ошондой жоопкерчиликти сезип, таштандыларды ыктыярдуу түрдө чогулткан жарандар арабызда сейрек кездешет. Алардын бири экоактивист Бакыт Өмүрбаев. Ал Бишкектин аймагындагы булганган жерлерди тазалап, шаардын таза болушуна аракет кылып келет. Экоактивист Инстаграм социалдык баракчасына катталган ар бир катталуучу үчүн да 5 даана таштанды терет.

Kaktus.kg редакциясы Бакыт мырза менен экология, таштанды маеселеси жана коомдун таштанды таштоо маданияты тууралуу маектештик.

"Мен 2 жылдан ашык убакыттан бери Кыргызстандын тоолуу жерлерине саякаттайм. Ал жактагы таштандыларды көрүп өзүм эле чогулта баштагам. Кийин соцтармактан токмоктук баланын өзгөчө идеясын көрүп калдым, 1 катталуучуга 3 даана таштанды чогултат экен. Бул идея мага жагып, аны менен байланышып, Токтогул суу сактагычынын айланасындагы таштандыларды терүүнү сунуштадым. Ал дароо эле макул болуп, суу сактагычтын тегерегинде 2 күн таштанды чогулттук. Ошондо "сиз деле ушундай иш кыла бербейсизби" деп сунуштап калды. Мен Бишкектин тургуну болгондон кийин шаардагы таштандыны терейин деген чечимге келдим. Бирок мен 1 катталуучуга 3 эмес, 5 даана таштанды чогултам", - дейт.

Экоактивист бош убактысында таштандыларды чогултат. Ал таштандыларды шаар аралап жүргөндө көрөт, андан тышкары соцтармактын колдонуучулары булганган жерлер боюнча кабарлап турат. Кээде интернет колдонуучуларынан таштанды үйүлгөн аймак тууралуу сурап турарын айтат.

"Бул жолу Бишкектин Скрябин көчөсүнө келдим. Бул жактагы таштандылар тууралуу интертнеттен көрүп калдым. Көп учурда өзүм жалгыз чогултам, кээде ыктыярчылар кошулуп калат. Таштандыны Инстаграмдагы катталуучуларга карабастан чогулта берем. Кээ бирлер "мынча киши катталыптыр, ошого ылайыктап эле таштанды тербейсиңби" деп калышат. Бирок таштанды чачылып жатса кантип чогултпай кетип каласың? Каалоомо жараша эле тазалай берем", - деди.

Бишкектин көп жерлери таза эмес деген экоактивист желим бөтөлкөлөр, желим баштыктар, ичимдиктердин шишелери жана насвайдын идиштери эң көп ташталарын белгиледи.

"Пластиктердин, шишелердин көптүгү абдан өкүндүрөт. Андан тышкары, таштандыны чогулткандан кийин алып кете тургандар жок. Таарынбагыла, Бишкек мэриясы, "Тазалык" муниципалдык ишканасы, силерден жардам жок. Бирок мен алардын жардамын күтүп отурбайм, мага башка жактан деле жардамдар келет. Болбосо өзүм чечип алам", - дейт ыктыярчы.

Бакыт мырза терген акыр-чикирлерди жакын жердеги таштанды төгүүчү чакаларга таштайт. Бирок көп учурда жакын жерде таштанды салуучу жай болбогондуктан унаасына байлап алып, тиешелүү жерге таштап кетерин айтат.

Кыргызстанды таза мамлекет катары таанытууну максат кылган ыктыярчы, башкаларга үлгү болсом деген ниетин билдирди. Айтымында, бүгүнкү күндө аны ээрчиген аз-маз адамдар бар. Алдыда мамлекеттин экологиясына кайдыгер карабаган адамдар көбөйөт деп ишенет.

"Сен туура эмес кылып жатасың, тургундар сени көрүп тазалай турган адам бар деп таштандыны оң-сол таштай беришет" дешкен. Бирок бир эле мисал айта кетейин. Май айында Ала-Арча суу сактагычына барып, сууга калкып чыгып калган таштандыларды чогулттум. Ошол жерде SUP‑борддорду ижарага берип иштеткен балдардан кайык алып, таштандыларды жээкке чыгарганда, балдар: "Байке, биз уялып жатабыз, мындан ары келбей эле коюңузчу, өзүбүз эле тазалап турабыз", деп кол алышканбыз. Ошондон бери кайыктарды ижарага берген балдар таштандыны тазалап турушат", - деп, негативдүү ойго кошулбай турганын белгиледи.

Азырынча таштанды таштоо маданияты калыптана электей. Себеби тазаланган жерлер эртеси күнү эле булганып калат дейт. Экоактивист таштандыны башаламан таштоо адамдардын саламаттыгына олуттуу зыян жаратарын эскертип, капаланткан учурду эстеди.

"Бир жолу "Аю Гранддын" тегерегиндеги таштандыларды чогултуп кеткем. Эртеси күнү сонун маанай менен барсам кайра эле таштанды жатат. Аябай капаланып, маанайым түштү. Бирок мен муну бирөө үчүн жасап жаткан жокмун да, Кыргызстан үчүн жасап жатам деп өзүмдү сооротуп, таштандыларды терип кеткем. Бир күндөн кийин келсем баягы эле көрүнүш... Азыр мындай көрүнүштөргө капаланбай деле калдым", - дейт.

Экологияны коргоо – бир күндүк аракет эмес, узак мөөнөттүү жана жалпы коомдун катышуусун талап кылган иш. Адистер ар бир адамдын күнүмдүк жөнөкөй аракеттери – таштандыны туура ыргытуу, ресурстарды үнөмдүү пайдалануу жана жаратылышка аяр мамиле кылуу – өлкөнүн экологиялык абалын жакшыртууга салым кошот дешет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://oper.kaktus.kg/18300