Садыр Жапаров: "Кыштын күнү кошуналардан электр энергиясын сурагандан уялам"
RU

Садыр Жапаров: "Кыштын күнү кошуналардан электр энергиясын сурагандан уялам"

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мамлекет башчы Садыр Жапаров электр энергиясы боюнча таңкыстык мурдатан бар экенин белгиледи. Айтымында, эгемендик алгандан бери "Камбар-Ата-2" ГЭСинин жападан жалгыз бир агрегаты ишке киргизилген.

"Таңкыстык болгон энергияны өзүбүз суу менен камсыздаган кошуна өлкөлөрдөн алып келе жатыптырбыз. Бүгүн да алып жатабыз. Эмне деген уят иш. Суу башында туруп энергиясы таңкыс өлкөбүз. Себеби бир дагы чоң ГЭС салган эмеспиз.

Мен бүгүнкү күнгө чейин кошуна кесиптештеримден кыштын күнү энергия сурагандан уялам. Айла жок кыштын күнү энергия сатып алып жатабыз", - дейт.

Президент акыркы 5 жылдан бери баш-аягы 50гө жакын чакан жана орто ГЭСтер ишке киргенин, дагы 50дөй ГЭС курулуп жатканын кошумчалады. Бирок дагы деле дефицит жабыла элек дейт.

"Себеби күндөн-күнгө, айдан-айга электр энергиясын керектөө өсүп жатат. Завод-фабрикалар, социалдык обьектилер, үйлөр курулуп жатат. Кудай буюрса, алдыда дефицитти жабабыз деген планыбыз бар. Ошонун үстүндө иштеп жатабыз", - деди Жапаров.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://oper.kaktus.kg/18313