Көлдө бир нече унаа сүзүшүп, 3 бала каза болду
RU

Көлдө бир нече унаа сүзүшүп, 3 бала каза болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Көлдүн Тоң районунда жол кырсыгынан 3 бала каза болду. Кырсык 19-июлда саат 13:50 чамасында Кара-Талаа жана Шор-Булак айылдарынын ортосунда болгон.

Милициянын маалыматына караганда, беш унаа кагылышкан. Анын кесепетинен 16 жаштагы өспүрүм, төрт жаштагы бала жана эки айлык наристе каза болгон. Дагы бир нече адам жаракат алган.

Алдын ала тергөө боюнча, Караколго бара жаткан Hyundai Palisade жана Chevrolet унаалары каршы тилкеге чыгып, Honda Stream, Chevrolet Spark жана Volkswagen Vento унаалары менен кагылышкан.

Блогер Эртай Искаков кырсыкка шектелген айдоочу саатына болжол менен 140 чакырым ылдамдыкта бара жатканын билдирген. Ошондой эле каза болгондор бир үй-бүлө мүчөлөрү деп жазды.

Башкы беттеги сүрөт видеодон алынган кадр.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://oper.kaktus.kg/18305