ЦУМда "бомба" бар деген жаран жарым миллион талап кылган
RU

ЦУМда "бомба" бар деген жаран жарым миллион талап кылган

Все самое интересное в Telegram

Белгисиз киши Бишкектин ЦУМ соода борборунда жардыруучу зат бар экенин айтып, 500 миң сом талап кылды. Шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан кабарлашкандай, соода борбордогулар эвакуацияланып, учурда тинтүү иштери жүрүүдө.

Маалым болгондой, бомба тууралуу маалымат бүгүн, 22-августта саат 15:35те түшкөн. Анда белгисиз киши 15 мүнөттүн ичинде жарым миллион сом которууну талап кылып, анын шартын аткарбаса соода борбордо жардыруу болорун айткан.

Бул факты каттоого алынып, жеринде милиция кызматкерлери иш алып барууда. Ошондой эле бомба тууралуу билдирүү жасаган жаранды аныктоо боюнча зарыл иштер аткарылып жатканы кабарланды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://oper.kaktus.kg/18606