Өлкөдө жеке менчик автомектептердин ишине салынган тыюу узартылды
RU

Өлкөдө жеке менчик автомектептердин ишине салынган тыюу узартылды

Все самое интересное в Telegram

Кыргызстанда автомектептердин ишин жөнгө салуу жана айдоочуларды даярдоо боюнча пилоттук программа узартылды. Президенттин жарлыгына киргизилген өзгөртүүгө ылайык, пилоттук программа 2026-жылдын 31-декабрына чейин узартылды.

Белгиленгендей, пилоттук программа ушул жылдын 30-августунда аяктамак. Эми ал дагы 4 айга узартылды.

Президенттин иш башкармалыгына 2026-жылдын 1-сентябрына чейин пилоттук режимдин ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүү тапшырылды. Ошондой эле мекеме 1-октябрга чейин эксперименттин аралык жыйынтыктарын эске алуу менен даярдалган зарыл болгон ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун тапшырышы керек.

Жарлык жети күндөн кийин күчүнө кирет.

Буга чейин айдоочуларды даярдоо жана кайра даярдоо үчүн жеке менчик автомектептерге берилген лицензиялар пилоттук мезгилде токтотулуп, мамлекеттик автомектептер иштеп баштаган. Анда окуутуунун мөөнөтү бир топ узарганы, тагыраагы, В категориясындагы айдоочуларды окутуу 10 айга, ал эми С категориясындагы айдоочуларды окутуу 12 айга созулары маалым болгон.

29-январда президенттин жарлыгы менен жеке менчик автомектептердин иши токтотулган.

10-февралда мамлекеттик айдоочулук мектептерге кабыл алуу башталган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://oper.kaktus.kg/18598