Тигүүчүлөр, текстиль өндүрүүчүлөр жыл аягына чейин бирдиктүү салыктан бошотулат
RU

Тигүүчүлөр, текстиль өндүрүүчүлөр жыл аягына чейин бирдиктүү салыктан бошотулат

Все самое интересное в Telegram

Өлкөдө салык төлөөчүлөрдүн айрым категорияларына салыктык жеңилдиктер берилет. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы маалымдайт.

2026-жылдын 1-августунан 31-декабрына чейин төмөнкү субъекттер бирдиктүү салыкты төлөөдөн жана бирдиктүү салык боюнча салыктык отчет берүүдөн бошотулат:

  • тигүү жана текстиль өндүрүшүн жүргүзгөн субъекттер;
  • Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттерде электрондук соода аянтчалары аркылуу товарларды сатууну жүзөгө ашырган субъекттер (селлерлер).

Селлерлер үчүн жеңилдикти колдонуудагы милдеттүү шарт - электрондук соода аянтчасынан субъект тиешелүү платформада өзүнүн ИННин колдонуу менен иш жүргүзүп жаткандыгын тастыктаган документтин болушу.

Салык кызматы белгилегендей, бошотуу бирдиктүү салыкка жана ал боюнча отчёттуулукка гана тиешелүү. Башка салыктык милдеттенмелер - жалданма кызматкерлер киреше салыгын жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөдөн бошотулбайт. Иш берүүчүлөр мурдагыдай эле өз кызматкерлери үчүн тиешелүү төлөмдөрдү эсептеп, кармап калууга жана бюджетке которууга милдеттүү.

Уюмдар да мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн белгиленген тартипте төлөөнү улантышат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://oper.kaktus.kg/18580