Улуттук кураманын башкы машыктыруучусу алмашты
Кыргызстандын улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Роберт Просинечки менен кызматташуу токтоду. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти.
Роберт Просинечки Кыргызстандын улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу болуп 2025-жылдын 10-декабрында дайындалган.
Кыргыз футбол биримдиги Роберт Просинечкиге аткарган эмгеги, улуттук курама команданы өнүктүрүүгө кошкон салымы жана кесипкөйлүгү үчүн ыраазычылык билдирет.
Ал эми улуттук кураманын башкы машыктыруучусу болуп 34 жаштагы Урмат Абдукаимов дайындалды.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://oper.kaktus.kg/18626
