Токтогул районунун акими алмашты
RU

Токтогул районунун акими алмашты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаров Урматбек Самаевди Токтогул районунун акими кылып дайындады. Маалыматты президенттин администрациясы 15-майда таратты.

Белгилүү болгондой, өлкө башчынын тиешелүү тескемеси менен Акылбек Тукебаев Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун мамлекеттик администрация башчысы жана акими кызматынан бошотулду. Белгиленгендей, кызматкер өз каалоосу менен арыз жазган. Тукебаев районду 2021-жылдын май айынан бери башкарып келген.

Эске сала кетсек, Урматбек Самаев мурда Токмок шаарынын мэри жана президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн орун басары болуп иштеген. 2023-жылы ал коррупцияга шектелип камакка алынган. Жогорку Сот Самаевди 2025-жылы январда актаган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://oper.kaktus.kg/17824