Кытайлык эже-сиңди Кыргызстанга салам жеткиргени атчан келе жатышат
Кытайлык кыргыз кыздар Риза жана Гүлсанат Ала-Тоого атчан келе жатышат. Эже-сиңдилер Кытайдын Кызыл-Суу автономдуу облусунун тургундары болот. Алар сапарын 3-майда баштап, мурунку Улуу Жибек жолу менен ат арытууда.
Кыздар социалдык тармактагы баракчасы аркылуу баскан жолун, сапардагы кыйынчылыктарын, кызыктуу окуяларын видеого тартып, көргөзүшүүдө. Ала-Тоого атчан келе жаткан эже-сиңдилерди Кытайдагы кыргыз айылдарынын жашоочулары салтанаттуу тосуп алышып, коноктоп, андан соң жол көргөзүп узатып жатышат.
Ал арада кыргыз тарап Риза менен Гүлсанатты чоң сый менен тосуп алууга кам көрүүдө. Президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгү учурдагы аракеттери менен бөлүшүп, редакцияга буларды айтып беришти."Максатыбыз - Кытайдагы кыргыздардын саламын Ала-Тоого жеткирүү, элдердин достугун даңазалоо, ата-бабаларыбыздын баскан жолунан өтүү, кыргыздардын ат жалында ойной ала турганын көргөзүү", - дейт алар.
"Жергиликтүү бийлик кыздарды чек арадан, андан кийин Ат-Башынын Кара-Суу айылынан, Нарын шаарынан, Долон ашуусу тараптан, Кочкор районунан тосуп алып, Ысык-Көлгө узатууну пландап, даярданып жатат. Бирок кыздар менен түз байланышыбыз жок болууда", - дейт өкүлчүлүктөн.
Эже-сиңдилер "Торугарт" бекетине жакындап калышканын социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдиришти.