Чүйдө унаа сүзүп кеткен 5 адам каза болду
RU

Чүйдө унаа сүзүп кеткен 5 адам каза болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекке жакын Кашка-Суу айылында унаа сүзүп кеткен беш адам каза болду. Чүй облустук милициясы кабарлагандай, окуя 14-майда кечке маал Бишкек-Кашка-Суу жолунда катталган.

"Honda Torneo үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу катуу ылдамдыкта бара жатып, рулга ээ боло албай жолдун четиндеги беш адамды сүзүп кеткен", - деп айтылат маалыматта.

Кырсыктын кесепетинен беш адам мүрт кеткен. Алардын төртөө 14, 6, 4 жана 2 жаштагы балдар болсо, бешинчиси 29 жашта болгон. Кырсык боюнча кылмыш иши козголуп, унаанын 22 жаштагы айдоочусу камакка алынды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://oper.kaktus.kg/17823