Бишкектеги Батыш автобекети көчүрүлдү
RU

Бишкектеги Батыш автобекети көчүрүлдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 23-октябрдан баштап батыш автобекеттин анын ичинде "Акжол" кичи автобекеттин иши толугу менен токтотулду. Каттамдар Бишкек шаарында Алмата 1/1 дарегинде жайгашкан "Бишкек автобекетине" көчүрүлгөнүн борбор калаа башкармалыгынан маалымдашты.

Эми батыш автобекети жана "Акжол" кичи автобекети тейлеген бардык каттамдар "Бишкек автобекети" муниципалдык ишканасынын жаңы автобекетинен жөнөйт.

Белгилей кетсек, "Бишкек автобекети" муниципалдык ишканасы эл аралык, шаар аралык, облустук жана шаар четиндеги каттамдарды тейлейт.

Шаардыктарга жана борбор калаанын конокторуна ыңгайлуу болуш үчүн батыш автобекетинен жана "Акжол" кичи автобекетинен "Бишкек автобекети" муниципалдык ишканасынын жаңы автобекетине чейин автобус каттамы уюштурулуп, жүргүнчүлөрдү ташып жатат.

"Шаар тургундары жана меймандары! Жол жүрүүнү пландаган болсоңуз, чыгыш багытындагы каттамдар (Ысык-Көл, Нарын) Алмата 1/1 дарегинде жайгашкан "Бишкек автобекети" муниципалдык ишканасынын жаңы автобекетинен кетет. Ал эми батыш аймактарга (Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен) кеткен каттамдар Фрунзе көчөсү, 209 (РИОМ Унаа базарынан кийин) дарегинен жөнөйт", - дешти мэриядан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://oper.kaktus.kg/17768