Бишкекте алтын куймаларын саткан фирмалык дүкөн ачылды
RU

Бишкекте алтын куймаларын саткан фирмалык дүкөн ачылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 5-сентябрда "Кыргызалтын" ишканасы алтын чендик куймаларын саткан фирмалык дүкөнүн ачты. Аталган компаниядан кабарлашкандай, алтындын чендик куймалары республиканын бардык жарандарына жеткиликтүү болот.

"Чендик куймаларды сатуунун максаты - инвестициялык чөйрөдөгү керектөөнү канааттандыруу жана аларды инвестициялык актив катары пайдалануу. Чендик куймалардагы баалуу металлдар - эстелик үчүн жана баалуу белек катары колдонууга болот", - дешет "Кыргызалтындан".

Алтын чендик куймаларын эркин сатыкка чыгаруу президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы болгон.

  • Алтын куймалары сатыкка 1 грамм, 2 грамм, 10 грамм, 20 грамм өлчөмүндө чыгат.
  • Сентябрь айынын аягына чейин 5 грамм, 31,1035 грамм (1 унция), 50 грамм жана 100 грамм өлчөмдөгү алтындын чендик куймалары сатып алуучуларга сунушталат.
  • Чендик куймаларды сатууда куймалардын аныктыгын тастыктаган милдеттүү түрдө өзүнчө QR-коддун тиркелүүсү менен ишке ашырылат.
  • Чендик куймаларды сатуунун жана кайра сатып алуунун баасы Лондондун баалуу металлдар биржасындагы баанын негизинде күн сайын белгиленет.

Жеке жана юридикалык жактар баалуу металлдарды накталай же накталай эмес түрдө шаршембиден жекшембиге чейин саат 10:00дөн 19:00гө чейин (тыныгуу 13:00-14:00) Бишкек шаары, Т.Абдымомунов көчөсү, 195 даренинен сатып ала алышат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://oper.kaktus.kg/17205