Өспүрүмдөрдүн көз карандылыгы тууралуу психиатр-нарколог айтып берет
RU

Өспүрүмдөрдүн көз карандылыгы тууралуу психиатр-нарколог айтып берет

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстанда жаштар психоактивдүү заттарга, фармацевтикалык дарыларга жана көз карандылыкты пайда кылган башка заттарга кызыгып, артынан түшүүдө. Тилекке каршы, бул боюнча расмий статистика жок. Андыктан, айтылуу көйгөйгө көз карандылыгы бар өспүрүмдөр менен түздөн-түз иш алып барган дарыгерлердин маалыматынын негизинде гана токтоло алабыз.

Мындан утурлай, Республикалык наркология жана психиатрия борборунун психиатр-наркологу Эркайым Байышева менен өспүрүмдөрдүн көз карандылыгынын түрлөрү жана аларды алдын алуу ыкмалары тууралуу маектештик.

- Учурда өспүрүмдөр арасындагы көз карандылыктын кандай түрлөрү кездешүүдө?

- Негизинен өспүрүмдөр тобокелдүү жүрүм-турумга жакын болушат. Мындан улам көз карандылыктын түрлөрүнүн саны дагы көбүрөөк. Учурда кеңири таралгандарына токтолсок, биринчи кезекте, никотинге болгон көз карандылыкты айтуу керек. Анткени башкаларга салыштырмалуу муну зыянсыз деп эсептешип, иш жүзүндө ага көп көңүл бурулбай келет. Андан кийинки орунда компьютер оюндарына жана ставкаларга болгон көз карандылык турат. Акыркы убакта балдары келери-кеч букмекердик компаниялардын сайттарында отурган, ата-энесинен акча сурап, ири суммадагы ставкаларды койгон балдардын апалары көп кайрылууда. Мындан тышкары, энергетикалык суусундуктарга көз каранды болгондор да көп кездешүүдө. Анан, албетте, азыр бардык жерлерде айтылып жаткан жаңы психоактивдүү заттарга болгон көз карандылык бар. Фармацевтикалык "дарыларга" болгон көз карандылыкты дагы эстен чыгарбоо керек.

- Жогоруда жаңы психоактивдүү заттарга болгон көз карандылык жөнүндө айта кеттиңиз. Бул тууралуу кененирээк сүйлөшсөк.

- Акыркы жылдары бизге жаңы психоактивдүү заттарды колдонгон өспүрүмдөр көп кайрылышууда. Бул заттарга тез эле көз каранды болуп калса болот. Анын үстүнө көз карандылыктын өзүн, айталы, "ломканы" дарылоо абдан кыйын. Бул Кыргызстандын эле эмес, бүткүл дүйнөнүн көйгөйү. Биз болгону кээ бир симптомдорду гана жеңилдетип бере алабыз. Көбүнчө стимуляторлорду колдонгондо, паранойя, катуу тынчсыздануу, артынан кимдир бирөө кууп келе жаткандай коркуу, кандайдыр бир галлюцинациялар байкалат: бир жерден секирүүгө буйрук берген үндөр же ушуга окшогон нерселер.

Бул заттар шизофренияга окшош оорулардын пайда болушуна түрткү бериши мүмкүн, дал ушул үчүн дагы чоң коркунуч туудурат.

Мен узак убакыттан бери психоактивдүү заттарды колдонуп жүргөн адамдарга консультация берип жатып бул нерселерди байкай алдым: ой жүгүртүүсү өзгөргөн, булдуруктап сүйлөйт, мимикалары башкача.

- Эмне үчүн өспүрүм мындай заттарды колдоно баштайт?

- Үйүндөгү, балким теңтуштарынын арасындагы психологиялык жагымсыз жагдайдан улам... Башкача айтканда, өспүрүмдө качып кутулгусу келген бир көйгөй бар. Бул заттарды колдонуу менен ал көйгөйлөрүнөн жашынат, ага баары бир болуп калат дегендей. Ошондуктан, психологиялык көз карандылык бат өрчүйт. Көбүнчө, өспүрүмдөр кандайдыр бир абалдан чыгуу жолун көрбөгөндө айтылуу заттарды колдоно башташат. Маселени кантип чечсе болорун билишпейт, чоңдорго, адистерге кайрылуудан коркушат.

- Сиз жогоруда никотинге болгон көз карандылык тууралуу дагы айта кеттиңиз. Эми ошого токтолсок.

- Психоактивдүү заттарды колдонуудан тышкары, никотинге болгон көз карандылык кооптондурат. Бул насвай, чайнай турган тамеки, эң негизгиси электрондук тамеки. Балдар булардын зыяны жок деп ойлойт, дал ушунун өзү көйгөй.

- Болжол менен өспүрүмдөр канча жашынан тамеки тарта башташат?

- Абдан эрте куракта. Азыр электрондук тамекилер жеткиликтүү. Анын үстүнө алардын жыты даамдуу, ата-эне байкабай калат. Бизге 10,11 жада калса 9 жаштагылар кайрылат. Баланын түшүнүгү боюнча, ал өз чөйрөсүндө лидер болуп саналат. Башталгыч класстардан бир жолу колдонулуучу вейптерди тартып алуу менен тарбия берип жатканын айтат. Канчанчы класс экенин сурасаң, 3-4 класс болуп чыга келет. Элестетиңиз, бул курактагы балдарга электрондук тамекилер сатылат экен. А тиги бала тартып алган тамекилерин, башкаларга сатат.

- Бул кандайдыр бир модабы, азыркыга чейин актуалдуубу?

- Бул мода, бул таттуу. Мага таттууларду электрондук тамеки менен алмаштырып жатканын айткан өспүрүм кыздар келишет. Мындайча айтканда, алар арыктагысы келгендер, кайсы бир жерден "никотин табитти төмөндөтөт" деп окушкан. Анан электрондук тамеки аркылуу алар арыктоого аракет кылышат, айталы, аны менен таттуулардын ордун алмаштырып жатам дешет. Бул даамдуу, таттуу, тамеки же түтүн жытынбайт, демек, жашыруу оңой. Эң коркунучтуусу, кадимки тамекини сыртта туруп эки мүнөт тартып алып, анан бир жайга кирсең, электрондук тамекини класста, үйдүн бир бөлмөсүндө, үйгө баратканда, аялдамаларда жана коомдук транспортто чегүү мүмкүн. Мындайча айтканда, бардык жерде жеткиликтүү. Алардын колунан бул тамекилер түшпөйт, көз карандылык тез, интенсивдүү түрдө пайда болот, анан организмге олуттуу зыянын тийгизет.

- Муну дарыласа болобу?

- Ооба, дарыласа болот. Балдардын жана өспүрүмдөрдүн нерв системасы толук калыптана электиги жана көз карандылык мезгилинин анчалык узак болбогону өзгөчөлүк болуп саналат. Анын үстүнө балдар ата-энелеринин көзөмөлүндө. Убагында көңүл буруп, дарыгерге алып барып, психологиялык коррекция жасай баштаса, анда баланын көңүл буруу векторун, ой жүгүртүүсүн бир аз өзгөртүп, эмнеге мынча эрте өзүнө зыян келтирип жатканын түшүндүрсө болот. Башка жол менен деле "крутой" болуу мүмкүн. Башкача айтканда, 10 жыл же андан ашык тамеки чегип жүргөн убакытка караганда, бул куракта дарылоо алда канча жеңил өтөт.

- Ата-энелер баласы тамеки чегип же заттарды колдонбошу үчүн алдын ала кандайдыр бир иштерди жасаса болобу?

- Албетте, болот. Профилактикалык лекцияларыбызда балага эрте курагынан "жок" деп айтуу жөндөмүн үйрөтүү маанилүү экенин баса белгилегенге аракет кылабыз. Көп учурда тамеки чеккен, заттарды колдонгон топторго "мындан башка эч нерсе менен айырмалана албайм" деп эсептеген балдар кошулушат. Алар айтылуу топтун жасаганын жасабаса, кабыл алынбай, четке кагылышы мүмкүн. Ошондуктан, "жок" деп айта билүү жана индивидуалдуулукту калыптандыруу абдан маанилүү, бала өзүнүн башка чөйрөдө "крутой" экенин билиши керек, айталы, сүрөт тартуу же футбол ойноо жөндөмү бар дегендей. Мындайча айтканда, бала бир нерсеге кызыгуусу зарыл.

Экинчиден, ата-эне өзү үлгү болушу керек. Айталы, балага ата-энеси тамеки чегүү жаман экенин айтып, бирок өзү сыртка чыгып тамеки чексе, анда бул сөздөрдүн эч кандай таасири болбойт. Тамеки тарткан ата-эненин баласы маалыматты минтип кабылдайт: өзү тамеки чегет, демек, эч нерсе деле болбойт турбайбы. Ата-эненин үлгү болушу чоң роль ойнойт. Жөн гана "жок" деп айтууга ата-эне өзү үлгү болушу керек. Эгерде адам өзү спорт менен машыкса, кандайдыр бир хоббиси болсо, ырахат алуунун башка жолдорун билсе, өзүнүн индивидуалдуулугун позитивдүү жолдор менен билдирсе, анда көз карандылыкка байланышкан көйгөйлөр жаралбайт, анткени, ал үчүн эч кандай зарылчылык жок.

- Демек, учурда коркутуу менен тарбиялоонун кажети жок болуп калдыбы?

- Албетте, кажети жок. Бул эч качан актуалдуу болгон эмес. Балдардын алдыңкы мээси жакшы өрчүй элек болот. Алар үчүн "рак" башка бирөөнүн көйгөйү, алар ага туш болбойт. Бир, эки же үч жылдан кийин эмне болору тууралуу ойлонуунун зарылчылыгын түшүнүшпөйт. Алар үчүн эң негизгиси бүгүн текшерүү ишти тапшыруу, бүгүн досторунун алдында өзүн көрсөтүү. Баланын ой жүгүртүүсү келечекке багытталган эмес. Физиологиялык жактан ушундай түзүлгөн.

- Кумар оюндарына, ставкаларга берилип кеткен балдар, башка контингенттеги балдарбы? Мисалы, ал жерде "крутой" экениңди көрсөтүүнүн зарылчылыгы жок дегендей.

- Негизинен көз карандылыктын бир эле механизми бар. Биринчиден, коркунучтуу жүрүм-турумга баруу тобокелдиги, экинчиден, бир нерседе өзүн ырастоо каалоосу. Башкача айтканда, ставкаларды койгон бала, утуп алганда же туура божомолдогондо, дофамин менен серотониндин эбегейсиз бөлүнүп чыкканын сезет. Тез бөлүнүп чыккан дофамин, тез ырахат тартуулайт. Жалпысынан, бул жердеги механизм психоактивдүү заттар менен болгон механизмге окшош.

Көбүнчө, ставкаларга көз карандылык пайда болгон балдар жана өспүрүмдөр кайрылганда, ал жерде тукум куучулук аныкталат. Сурай келгенде, ата-энесинде ар кандай коркунучтуу жүрүм-туруму бар экенин түшүнөсүң: казинолор, букмекердик оюн, спирт ичимдиктерин ичүү же башка психоактивдүү заттарды колдонуу. Бул өз учурунда эмоционалдык жарылууну берет. Көбүнчө балдар өздөрүндө эмоцияларды топтоп жүрө беришет, анан кандайдыр бир учурда, "жеңил ырахаттардын" түрлөрүн колдонуу аркылуу ал топтолгон эмоцияларынан бошонушат. Бул чыңалууну жеңилдеткен сыяктуу.

Алдын алуу чарасы - балага өзүнүн эмоцияларын эффективдүү ыкма менен сезүүгө үйрөтүү.

"Айтчы, бөлүшчү, ачуулангандан коркпо, эмоцияларыңды айтканды үйрөн, ыйлагандан тартынба. Эгер сага бир нерсе болcсо, эч нерсе эмес, чогуу чечебиз." Мунун баары баланын ичинде эмоционалдык стресс топтолбоосу үчүн жасалган аракеттер болуп саналат. Албетте, сырттан айтуу оңой, бул жагынан алганда эч кимибиз идеалдуу эмеспиз, бирок баарынан маанилүүсү - өзүн жеңүүгө болгон каалоо. Анткени, ата-энелер көбүнчө өздөрү эмоцияларын көрсөтүүдөн коркуп жашырышат, анан бала ошол эле моделди кабыл алат. Өзүбүз эмоцияларды ачык билдирүүгө үйрөнүшүбүз керек, көйгөйлөр болсо ачык билдирип, бул нормалдуу көрүнүш экенин, аларды чечсе болорун айтуу зарыл. Бүгүн менде бир көйгөй бар, эртең аны кантип чечсе болорун ойлоном, анан ал эртеси чечилет дегендей. Бул жашоо. Баланы стресске каршылык көрсөтүүгө үйрөтүү керек.

Мындан тышкары, жеткиликтүүлүк маселеси турат. Сизден башка эч ким балаңыздын кайсы сайттарда убакыт өткөрөрүн жана эмнеге кызыгарын көзөмөлдөбөйт. Жок дегенде эмнени жактырат, эмнеге кызыгат сурап билүү керек..

- Эгер баланы контролдоп баштасаң, ишенимин оңой эле жоготуп алса болот да...

- Албетте, ашыкча коргоого же диктатурага өтүп кетпеш керек. Баланын жашоосуна кызыгуу зарыл. Бирок ал 18ге чыкканга чейин сиздин карамагыңызда экенин да түшүнүү маанилүү. Сиз ата-эне катары, кандайдыр бир жол менен аны көзөмөлдөп турууга укугуңуз бар. Анын кат жазышууларын окуунун, социалдык тармактарына кирүүнүн, же болбосо телефонун алып коюунун кажети жок. Бала баары бир жаныңызда болсо, анын кандай видеолорду көрүп, кандай фильмдерге кызыгып, эмне жөнүндө сүйлөшөрүн, достору менен эмнелерди талкуулап жатканын угуу мүмкүн. Булар жетиштүү болот.

Бул толугу менен биздин колубузда деп айта албайбыз. Бирок көңүл буруу менен тобокелдиктин ыктымалдуулугун азайта алабыз.

- Психоактивдүү заттарды колдонгондордо айрым мүнөздүү жүрүм-турум белгилери бар (мисалы, уйкусуздук, себеби жок эле толкундануу, шалдыроо жана көп саат уктоо, маанайдын тез-тез, күтүүсүз өзгөрүшү). Ал эми кумар оюндарына көз каранды болгондордо кандай белгилер байкалат?

- Психоактивдүү заттарды колдонуунун натыйжасында пайда болгон химиялык симптомдорду кошпогондо, ошондой эле белгилер байкалат. Бул баягы эле кыжырдануу, эмоцияларын көзөмөлдөй албоо. Мындай өспүрүмдөргө импульсивдүүлүк мүнөздүү. Ошондой эле бала акча сурай баштайт, акча табуунун жолдорун издеп, уурдап, жеке буюмдарын сата баштайт дегендей. Жүрүм-турумундагы өзгөрүүлөр байкалат: балким, үйгө турбай калат, окуудагы жетишкендиктери төмөндөйт. Психоактивдүү заттарды колдонгон сыяктуу, бала толугу менен өзгөрөт деп айтууга болбойт.

- "Дарыкана наркоманиясы" деген эмне?

- Бул дарылык мүнөздөгү психоактивдүү заттарга болгон көз карандылык. Башкача айтканда, бул адамдын нерв системасына таасир эткен психотроптук препараттар, аны колдонуудан кийин эйфориялык таасир байкалат. Медициналык практикада бул дары-дармектер терапиялык дозалар менен колдонулат. Ал эми буларды өз алдынча колдонгон адамдар ал дозаны ашырышат. Дары организмди ууландырат, борбордук нерв системасына таасир тийгизет, психикада өзгөрүүлөр пайда болот. Галлюциногендик эффект пайда болот, эмоционалдык абал өзгөрүшү мүмкүн. Мындан тышкары, организмдин башка бардык системаларына терс таасир тиет.

Эреже катары "дарыкана наркоманиясына" мурда химиялык заттардын кандайдыр бир түрүн, айталы, клей колдонуп көргөн балдар чалдыгат. "Дарыкана наркоманиясында" көз карандылык катуураак болот. Көпчүлүк учурда муну жеңилирээк көз карандылыктан баштаган балдар колдонот.

- Мен балдар уктатуучу дарылардын бири менен арак аралаштырышат деп да окугам...

- Бул көз карандылыктын аралаш түрү. Бул абдан коркунучтуу, анткени уктатуучу дарылар тынчтандыруучу таасирге ээ, башкача айтканда, алкогол сыяктуу маанилүү функцияларды токтотот. Эгер бир эле алкоголдук ичимдиктин дозасын ашырып алса, интоксикация болуп өлүп калышы мүмкүн. Айрыкча, бул жерде кеп баланын организми жөнүндө болууда. Анын үстүнө уктатуучу таблеткаларды кошсо, тобокелдик дагы бир топ эсе жогорулайт.

Бул заттар депрессанттар сыяктуу эле бир топтогулар деп айтууга болот. Буларды бала кайсы бир көйгөйүн унутуу үчүн колдонот. Эч нерсе жөнүндө ойлонбой, бул дүйнөнү сезбөө үчүн дегендей. Жөн гана уктап калгандай, десе болот. Бул, кээ бирөөлөр айткандай, өнөкөт суицид, адам акырындык менен өзүн-өзү жок кылуу менен алектенип, өзүн өлүмгө жетелейт.

Көз карандылыктын психологиялык көйгөйүн чечпей туруп, колдонууну токтотуу мүмкүн эмес экенин жакшылап түшүнүү керек. Адамдын көйгөйүн, айталы, өзүн-өзү жок кылуу каалоосун кетирбей туруп, көз карандылыктан арылуу мүмкүн эмес.

- Бул учурда психологиялык көйгөйлөрдүн кайсылары көп кездешет?

- Албетте, өзүнө болгон ишенбөөчүлүк, мурда этибарга алынбаган кээ бир депрессиялык белгилер. Ата-эне менен уруш-талаш көп болот. Баланын теңтуштары менен аралаша албоосу да себепкер. Башкача айтканда, аны мектептен кабыл алышпайт, кодулашат. Кээде мугалимдер да бул кодулоого кошулат: Сенин колуңдан эч нерсе келбейт, сен ийгиликке жетпейсиң. Сен эки алып окуйсуң, келесоосуң. Карачы, Вася сенден жакшы окуйт. Акырындык менен бала тынчсызданып, ойлоно баштайт: Эмне болуптур, менин колумдан баары бир эч нерсе келбейт. Бул жерде өзүн-өзү жок кылуу каалоосу башталат. Жогото турган эч нерсе жок болсо, демек, колдонуп көрсө болот дегендей.

- Баланын өздүк баасын кантип көтөрүү керек? Жогорудай эле өзүң үлгү болуш керекпи?

- Өзүң үлгү болуп дагы, анын кандай оң сапаттары бар экенин айтуу менен дагы. Ага кошомат кылып, балада жок сапаттарды баса белгилей бербеш керек. Айталы, балаңыз арык, кичинекей болсо, ага күчтүүсүң деп айтуунун кажети жок. Бала "ата-энем мени алдап жатат" деп ойлойт. Муну менен ишенимди жоготуп алуу мүмкүн. Эң негизгиси бала менен болгон ишенимди жана байланышты сактап калуу. Балага анда чынында болгон күчтүү жактары жөнүндө айтып, аларга көңүл буруу зарыл. Ар бир баланын кандайдыр бир күчтүү тарабы болот. Мейли ал мектепте начар окусун, бирок, ал ошол эле учурда теңтуштары менен жакшы тил табышат, достору көп. "Карачы, сенин харизмаң кандай гана күчтүү, досторуңдун арасында лидер болушуң керек, э?. Сиз кээ бир иш-чараларды мыкты уюштура алат болушуң керек. Балким активист, волонтер болосуң" деп айтуу керек. Энергияны бала ийгиликтүү боло турган башка жакка багыттоо зарыл.

Балаңыз мектепте мушташабы? Демек, ошончолук күчтүү болсо, баары андан корксо, анда секцияга жаздыруу керек, ал ошол жерде ийгилик жарата алышы мүмкүн. Же, айталы, бала чыгармачыл. Ал эмнеге кызыкса, ошол жакка берүү керек. Эң негизгиси, ага жол табууга көмөк көрсөтүү зарыл, бул жерде мажбурлоого орун жок. Баладан ага эмне керектигин, өзүн эмнеден көрөрүн сураңыз. Бул ирет болгон жокпу? Макул, боло берет, эң негизгиси аракет кылып көрдү. Өзүн башка тармактан байкап көрсүн. Ошентип, тажрыйба, жөндөм топтолот. Бул нерселердин келечекте кереги тиет, ал ар тараптуу, өнүккөн инсан болот. Башкача айтканда, бала өзү менен өзү калбайт. Ал келечекте аны жакшы инсан кыла турган нерселер менен алектенет.

- Балага ашыкча жүк артып койгон учурлар болобу?

- Албетте, болот. Бул ашыкча коргоого алуу, басым кылуу карама-каршы жагдайга алып келиши мүмкүн - нааразычылык, тополоң. Же бала баарын ата-энеси үчүн гана кынтыксыз жасайт, бирок бара-бара көңүлү кала баштайт. Балдар да чарчашат, алар ата-энесине жакшы көрүнбөй калабыз деп тынчсызданышат. Бул тынчсыздануу чыңалууну жаратат, анан ал чыңалууну чыгаруу керек болот. Окуунун отличниги, активист, жакшы окуган бала кайсы бир заттарды колдоно баштаганы ошондон.

Балаңыздын аман-эсен чоңоюшун кааласаңыз, ага көп убактыңызды арнаңыз. Азыркы заманда бул, албетте, кыйынга турат. Мага кайрылган ата-энеге мунун баарын айтып отуруп, кантип ишке ашырса болорун ойлоном. Айлык аз, баланы тамактандырып, кийиндириш керек дегендей, ишетебй кое албайт. Бирок мунун баарын балага түшүндүрүү керек: Мен сени жактырбаганым же сени менен убакыт өткөргүм келбегени үчүн жумушта көп убакыт өткөрбөйм. Тилекке каршы, иштешим керек. Кандай болгон күндө да мен сени колдойм, жаныңда болом, мага ар дайым чалсаң болот, мен сени коргойм, мен ар дайым сен тарапта болот." Бала жок эле дегенде, артында ата-энеси бар экенин, моралдык жактан, кандайдыр бир коргоо бар экенин сезет.

Коргоочу жана тобокелдик факторлор бар. Тобокелдик факторлору - бала өз алдынча калат, ата-энеси кысым көрсөтөт, урушат, башкалар менен салыштырат. Элестетиңиз, баланы мектепте да кодуласа, үйдө да кодуласа, албетте, ал бул реалдуулуктан башка бир жакка качкысы келет.

Көз карандылык – көп факторлуу бузулуу. Тактап айтканда, балада көз карандылык пайда болушу үчүн көптөгөн факторлор биригиши керек. Ошондуктан, идеалдуу ата-эне, идеалдуу үй-бүлө, же идеалдуу үлгү көрсөтүүнүн кажети жок. Эң негизгиси, кандайдыр бир жол менен бул пазлдар биригип калбашы үчүн аракет кылышыбыз керек.

Ата-энелер үчүн санарип энциклопедия (46 статей)
Өспүрүм куракта бала төрөө, тарбиялоо чечими тууралуу эмнелерди билүү керек
17 Июль 2024, 14:23
Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору
13 Июль 2024, 13:36
Канткенде ата-эне өспүрүмдөрдүн өз жанын кыюусун алдын ала алат
8 Июль 2024, 12:14
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://oper.kaktus.kg/15407