Президент шаар тургундарынан таштандыны кечкисин ыргытууну суранды
RU

Президент шаар тургундарынан таштандыны кечкисин ыргытууну суранды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаров Бишкек, Ош жана башка шаарлардын тургундарына кайрылуу жасады.

"Урматтуу шаар тургундары! Таштандыны кеч киргенден баштап түнкү саат 24:00 гө чейин таштап берсеңиздер. Түнү менен таштанды тазаланат.

Көпчүлүк элдер эртең менен ишке кетип атканда таштанды таштап көнүп калыпсыңар. Күндүз таштандыны алып кетиш кыйынга турат. Анткени жол тыгындар тоскоол болот.

Ошол үчүн түнкү саат 24:00дөн баштап 06:00гө чейин жыйнап кетишет. Эң жок дегенде "Тазалыктын" кызматкерлерин сыйлап коелу. Алар күндүз эс алып алышсын.Ошондуктан эртең менен эмес, түнкү саат 24:00 гө чейин таштанды таштаганга үйрөнсөңөр, күндүз кечке таштанды салган челектер таза турмак", - деди өлкө башчы.

Ошондой эле, билдирүүсүндө жаратылышты келечек муунга көздүн карегиндей сактап, таза өткөрүп берүүгө үндөдү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://oper.kaktus.kg/17354