Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер
RU

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай турган жакшы атмосфера түзүү. Бул үчүн ата-энелер менен билим берүү мекемелерин бириктирүү зарыл.

Буллинг – бул башка бала же балдардын тобу тарабынан бир балага багытталган туруктуу атайылап жасалган терс аракеттер. Кээде буллинг чоңдор тарабынан да жасалышы мүмкүн.

Бала ар дайыма эле ага карата буллинг болуп жатканын түшүнө бербеши мүмкүн. Муну аныктоого ата-энелер жана мектептер жардам бериши керек. Балдардын ыңгайлуу шартта чоңоюшу үчүн ата-энелер жана мектептер эмне кылуусу зарыл? "Балдардын укугун коргоочулар лигасы" КФнын жетекчиси Назгүл Турдубекова жана "Интернет саясатынын жарандык демилгеси" КФнын директору Татту Мамбеталиева Kaktus.media сайтына буллинг көйгөйү менен күрөшүүгө жардам беришти.

Буллингдин белгилери

Ата-энелер жана мектеп өкүлдөрү буллинг көйгөйү менен сөзсүз таанышып чыгып, балдарына жана камкордугундагыларга ар дайым көңүл буруп туруулары маанилүү. Эгер бала ушундай кордукка дуушар болсо, анда төмөнкү белгилер байкалышы мүмкүн:

  • көкүрөктүн жана ичтин себепсиз оорушу;
  • энурез;
  • нерв оорулары;
  • уйкунун бузулушу, коркунучтуу түш көрүү, уйкусуздук;
  • дем алуу органдарынын оорулары жана башка ден соолук көйгөйлөрүнүн көбөйүшү;
  • табиттин бузулушу (тамак жебейт, же тескерисинче, ашыкча жейт);
  • тынчсыздануунун күчөшү;
  • кайгылуу көрүнүш жана узакка созулган депрессиялык абал;
  • ашыкча этияттык жана жүрүм-турумдарга ылайык келүү;
  • баарлашууга каалоонун жоктугу, бар болгон убакытын жалгыз өткөрүүнү каалоо, ошондой эле мектепке баруудан баш тартуу;
  • кыжырдануу жана чарчоонун жогорулашы;
  • кошумча акча талап кылуу;
  • өзүнөн чоң компанияга артыкчылык берет, курдаштары менен баарлашпайт;
  • "ыңгайсыз темалар" жөнүндө сүйлөшүүдөн баш тартуу.

Эмне үчүн балдар буллинг жөнүндө билиши керек

Ар бир адам мектептеги кодулоонун же киберкуугунтуктун курмандыгы болуп калышы мүмкүн. Бала өзү билбей туруп, буллер болуп калышы мүмкүн. Кантсе да, мектеп, үйдөгү чөйрө, коом жана жыныстык жетилүү "куугунтукталган лидер" сыяктуу мамилелердин түрү бар чөйрөнү түзүп коюшу ыктымал.

Тилекке каршы, өспүрүмдөр көп учурда кимдир бирөөдөн үлгү алуудан кача алышпайт, анткени инсандык өнүгүү алар аркылуу ишке ашат. Балдар чыр-чатактар ​​жана буллинг ортосундагы айырманы так түшүнүшү маанилүү.

Балдарга талаш-тартыштарды, чыр-чатактарды чечүүнүн нормалдуу жолдорун жана көйгөйлөр жаралган учурда, чоңдорго коркпостон кайрылууну үйрөтүү керек. Муну балдардын жакын чөйрөсү – ата-энелер, улуу муундар, ошондой эле бир туугандары жасоосу зарыл. Улуу муун менен өз ара аракеттенүүдө өсүп келе жаткан адамдын инсандыгынын жана ишмердүүлүгүнүн көптөгөн негиздери түзүлөт.

Чоңдорго буллинг тууралуу билдирүү даттануу эмес, чоң адамдын кадимки жана аң-сезимдүү жүрүм-туруму экенин эстен чыгарбоо керек.

Киберкуугунтук коркунучу жана онлайн активдүүлүккө мониторинг жүргүзүү

Виртуалдык дүйнөдө реалдуу жашоодо жек көрүүчүлүккө жана бейбаштыкка туруштук берүүгө караганда чындыктын кайда экенин жана калптын кайда экенин аныктоо кыйыныраак. Бирок бала интернетте жүрүм-турум эрежелерин билип, киберкуугунтукка кабылган болушу мүмкүн экенин түшүнүшү керек. Жана муну токтотуу зарыл.

Көбүнчө ата-энелер өспүрүмдөргө карата жасалган онлайн-буллингине жана харассментке көңүл бурушпайт, анткени алар балдары колдонгон контентти көзөмөлдөй алышпайт. Бул нерсе өкүнүчтүү. Идеалдуу нерсеге токтолсок, балдардын аккаунттарынын активдүүлүгүн көзөмөлдөөчү программалар орнотулуусу керек. Android жана iOS тутумдары муну жасоого мүмкүндүк берет.

Ата-энелер үчүн сунуштар:

  • Балаңыз менен анын онлайн-активдүүлүгүн талкуулашыңыз керек - ал эмне көрүп, эмнени окуйт, эмне ойнойт, ким менен баарлашат. Эгер кайсы бир аракетин жактырбасаңыз, анын себебин түшүндүрүңүз.
  • Адамдын интернеттеги санариптик изи жана эмне үчүн аны көзөмөлгө алуу керектиги жөнүндө сүйлөшүңүз - аккаунттун коопсуздугу абдан маанилүү.
  • Балаңыздын эмне кылып жатканын жана онлайн көрүп жатканын оңой көзөмөлдөп туруу үчүн компьютерди үйдүн көрүнүктүү жеринде кармаңыз.
  • Браузердин тарыхын текшерүү мүмкүнчүлүгү тууралуу макулдашыңыз. Чоңоюп жаткан бала менен муну жасоо оңойго турбайт. Бирок мунун өзүнүн коопсуздугу үчүн жасалып жатканын түшүндүрүш керек.
  • Ата-эненин көзөмөлү - интернетте керексиз мазмунду бөгөттөө, телефонду колдонууну чектөө режими да тармактагы байланышты азайтууга жардам берет.
  • Балаңыздын онлайн достору жөнүндө көбүрөөк маалымат топтоңуз - анын социалдык чөйрөсүн билүү жана катталуучуларынын профилдерин изилдөө үчүн социалдык тармактарга дос катары кошулушуңуз керек. Балаңыздан алар бөлүшкөн нерсесин көрсөтүүсүн сураныңыз же улуу бир тууганынан сүрөттөрдү жарыялоодон мурун карап чыгуусун сураныңыз.

Онлайн отурган убакытын көзөмөлдөңүз.

Үлгү көрсөтүңүз - телефонуңузда жана компьютериңизде убакытты чектеңиз. Интернет бир гана көңүл ачуу эмес, пайдалуу маалыматтын бекер булагы экенине үлгү болуңуз.

Эгерде сиздин балаңызга каршы киберкуугунтук аныкталса, аккаунтту жабуу керек, ошондой эле укук коргоо органдарына коркутуулар жана кодулоолор тууралуу билдирүү сунушталат.

Буллингге кабылган балага колдоо көрсөтүүнүн мааниси

Ар кандай курактагы бала буллингге кабылган жагдайда чоңдордун колдоосуна муктаж, ал тургай, муктаждыкка зарыл эместей көрүнсө дагы.

Чоңдор балдарынын жүрүм-турумундагы көйгөйлөрдү көрсөтүп турган өзгөрүүлөргө көз салып турушу жана аларды чечүү үчүн тийиштүү чараларды көрүүгө даяр болушу керек.

Балаңызга кырдаалды жөнгө салуу үчүн эмне үчүн кайсы бир аракеттер жасалганын түшүндүрүп, бардык маселелерди чогуу чечүү маанилүү.

Көп учурда, колдоо көрсөтүү чогуу сапаттуу убакыт өткөрүү менен билдирилиши мүмкүн. Жалпы кызыкчылыктарды тапкыла - китептер, кино, хобби, спорт.

Балаңызга бала чагыңыздагы тажрыйбаларыңыз жана алардын курагында болгонуңузда көйгөйлөрдү кантип чечкениңиз жөнүндө айтып бергенге аракет кылыңыз. Ата-эне буллингге каршы күрөштө баласына дос жана өнөктөш болушу керек.

Өзүн-өзү баалоо сезимин өрчүтүү буллингге каршы күрөшүүгө кантип жардам бере алат?

Адекваттуу өзүн-өзү баалоо сезими бар бала буллингге азыраак дуушар болот. Чоңдор үйдө да, коомдо да ага сүйүү, урматтоо жана баланын өзгөчөлүктөрүнө жана муктаждыктарына кылдат мамиле кылуунун атмосферасын түзө алышат. Ата-энелер жана мугалимдер анын иштерине жана ишмердүүлүгүнө кызыгуу көрсөтүп, колдоо көрсөтүшү керек.

Бирок баланын өзүн-өзү баалоосу менен иштөө чоңдордун ырааттуулугу жана талаптары менен айкалышаарын эстен чыгарбоо керек. Баланын инсандыгын ар дайым оң баалаган жакшы, бирок бул мактоо гана керек дегенди билдирбейт. Балаңыз менен бирге анын иш-аракеттеринин натыйжаларын талдап, кыйынчылыктардын жана каталардын себептерин жана аларды оңдоонун жолдорун табыңыз.

Балада кыйынчылыктарды жеңип, ийгиликтерге жетишип, бардык нерсе ал үчүн ийгиликтүү болоруна ишенимди калыптандыруу керек.

Балага реалдуу максаттарды коюуга жана ийгиликсиздиктер менен күрөшүүгө үйрөтүү керек. Өзүн-өзү баалоо сезимин жогорулатуунун маанилүү фактору - теңтуштар менен толук кандуу баарлашуу болуп саналат. Эгер бул ишке ашпаган болсо, анда кооптуу коңгуроо болушу мүмкүн. Бул учурда баарлашуу үчүн жаралган кыйынчылыктардын себебин таап, биргелешип жеңүүгө аракет кылышуу керек.

Бала жеке тажрыйба алышы керек, башкача айтканда, өз алдынча иштерди бүтүрүшү керек. Ага үй жумуштарын тапшырыңыз, жоопкерчиликти бериңиз. Анын ишмердүүлүгү канчалык көп түрдүү жана көз карандысыз болсо, ошончолук мүмкүнчүлүктөрүн сынап, өзү жана дүйнө жөнүндөгү идеяларын кеңейтет. Бул аракеттер ага эмне жетишпей жатканын жана аны кантип оңдоосо болорун түшүнүүгө үйрөтөт.

Буллинг кырдаалында баланы колдоо

Буллинг менен каршылашуу коркунучтуу. Сиздин балаңыз ушундай жагдайда болуп калса, андан да жаман. Бала жана анын ата-энеси бир топ кыйын кырдаалга туш болушат. Аны өзгөртүү чыдамкайлыкты жана күч-аракетти талап кылат.

Класс жетекчиге кодулоо жөнүндө маалымат берүү жана бул боюнча анын пикирин билүү зарыл. Ошондой эле мектеп жетекчилигине маалымат жеткирүү жана биргелешкен иш-чаралардын планын иштеп чыгуу керек. Эгер бул эч кандай натыйжа бербесе, анда жашы жете электердин иштери боюнча инспекцияга, Акыйкатчы институтуна, жада калса милицияга кайрылсаңыз болот.

Коркутуу көйгөйүн жеке адамдардын эмес, класстын же мектептин көйгөйү катары кабыл алгыла. Эгер балаңыз коркунучта деп ойлосоңуз, дароо чара көрүңүз.

Эч качан балаңызды болгон окуя менен жалгыз калтырбаңыз. Эч кандай шартта балаңыз кабылган окуяны боллбогон бир нерсе катары кабыл албаңыз же анын өз нугунда кете беришине жол бербеңиз. Мындай жагдайларда өспүрүмдөр психологиялык жана эмоционалдык жардамга мурдагыдан да көбүрөөк муктаж болушат. Анын үстүнө бала эле эмес, ата-эне да адистерге кайрылуусу зарыл.

Ата-энелер менен мектептин буллингге каршы биргелешип иш алып баруусу

Буллинг - бул ар бир адамга тиешелүү көйгөй.

Мектеп балдар өзүн ыңгайлуу сезе турган жана өзүн кабыл ала турган коопсуз жай болушу керек. Ата-энелер жана мугалимдер достук кырдаалды түзүү үчүн активдүү иштеши керек. Балдар өз ой-пикирин айтууга жана укканды сезе ала турган коопсуз жайга ээ болушу зары. Балдардын өздөрүнүн жана башкалардын кызыкчылыктарын коргоо жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүү эки тарап үчүн маанилүү.

Ата-энелер жана педагогдор буллингди токтотууда өнөктөш болушу керек. Бул үчүн ата-энелердин катышуусунда социалдык педагогдун, психологдун, класстын жана мектеп жетекчилеринин топторун түзсө болот, алар балдарга карата жасалган зордук-зомбулуктун ар бир учуру боюнча иштей алышат.

Мектеп директорлору жана мугалимдер окуучуларга буллинг зордук-зомбулук жана оор кесепеттерге алып келген кылмыш экенин үйрөтүшү керек. 14 жашка чейинки балдар жашы жете электердин иштери боюнча инспекциянын каттоосуна алынышы мүмкүн. Ата-энелер да жоопкерчиликке тартылышат, алар бардык жагдайларды тактоо үчүн Балдар иштери боюнча комиссияга чакыртылат.

Балдар үчүн коркунуч болсо, дароо бул номерлерге чалыңыз:

  • милиция - 102;
  • балдар үчүн ишеним телефону – 111;
  • "Система-112" - 112;
  • Зордук-зомбулукка жана ырайымсыз мамилеге кабылган балдарга жардам берүү борбору (Бишкек) - 0312 54 29 34, 0312 44 25 10;
  • "Акыйкатчы" ишеним телефону (иш күндөрү) – 115.
Ата-энелер үчүн санарип энциклопедия (55 статей)
"Өзүңөрдүн ошол курагыңарды эстегиле". Өспүрүмдөрдүн жеке чегин сыйлоо тууралуу
16 Сентябрь 2024, 19:22
Өспүрүмдөрдүн жана балдардын медиа сабаттуулугу
15 Сентябрь 2024, 11:57
Көз каранды абалдагы бала менен кантип сүйлөшүү керек
13 Сентябрь 2024, 10:20
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://oper.kaktus.kg/17086