Акылбек Жапаров башка министрликтерге ИИМден үлгү алууну сунуштады
RU

Акылбек Жапаров башка министрликтерге ИИМден үлгү алууну сунуштады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилерине ИИМден үлгү алууну сунуштады. Бул туурасында ал 3-сентябрда Ички иштер министрлигинин бөлүктөрүнө кызматтык унааларды тапшыруу иш-чарасында айтты.

"Учурдан пайдаланып, өлкөбүздөгү башка министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилерине ушул Ички иштер министрлигинен үлгү алгыла деп айтмакчымын. Талдоо боюнча карап көргөндө Ички иштер министрлигинин автопаркы 2009-жылы 45-50% жаңыланып, андан бери 2021-жылга чейин жаңыланган эмес. 2021-жылдан баштап акырындык менен жаңыланып отуруп, азыркы тапта 90% автопаркы жаңыланды. Андан тышкары акыркы үч жылда ички иштер органдарынын кызматкерлеринин айлык-маянасы эки эсеге, ал эми Баткен жергесинде кызмат кылган кызматкерлердин айлыгы төрт эсеге жогорулады", - деди.

Акылбек Жапаров ички иштер органдарынын кызматкерлери заманбап талаптарга жооп берген технологиялар менен иштөөнүн натыйжасында акыркы үч жыл аралыгында кылмыштуулук 50% төмөндөп, коомдук жайларда одоно тартип жана мыйзам бузуулар азайып, бирдей тартип жана туруктуулук орной баштаганын кошумчалады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://oper.kaktus.kg/17180