Ошто түнкү клубда эс алуучулар мушташып, милиция комага түштү
RU

Ошто түнкү клубда эс алуучулар мушташып, милиция комага түштү

Все самое интересное в Telegram

Ош шаарындагы Sky Bar түнкү клубунда мушташ чыгып, милиция кызматкери комага түштү. Маалыматты редакцияга шаардык ички иштер бөлүмүнөн ырасташты.

Тергөөнүн алгачкы маалыматтарына караганда, 9-сентябрга караган түнү саат 02:00 чамаларында түнкү клубда эс алып отурган жарандар өз ара сөз талашып урушуп, мушташа кетишкен.

"Натыйжада Ош ОИИБдин 1996-жылы туулган кызматкери К.М. оор абалда Ош шаардык ооруканасына түшүп, комада жатат. Жабырлануучунун дагы 2 кесиптеши күбө катары чакырылууда", - дешет башкармалыктан.

Бул факты катталып, тергөөгө чейинки иштер башталган. Окуя боюнча бардык күбөлөр суралып, жатат. Соттук-медициналык экспертизалар дайындалган.

Кылмышка шектүү катары Кара-Суу районунун тургундары: 2003-жылы туулган А.А., 2001-жылы туулган К.А., 2001-жылы туулган К.Э. жана 2002-жылы туулган Т.У. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Алардын үстүнөн 130-беренесинин 2-3-бөлүктөрү менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат. Ош шаардык соту тарабынан шектүүлөр 12-октябрга чейин камакка алынды.

Аталган маселе боюнча ИИМдин Ички иликтөө кызматы тарабынан милиция кызматкерлеринин кыймыл-аракеттерине баа берүү үчүн кызматтык иликтөө жүргүзүлүп жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://oper.kaktus.kg/17329