Аскар Акаев экс-президент макамын калыбына келтирүүнү суранды
RU

Аскар Акаев экс-президент макамын калыбына келтирүүнү суранды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Аскар Акаев экс-президент статусун калыбына келтирүү боюнча өтүнүч жасады. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитетинин төрайымы Чолпон Султанбекова ырастады.

Айтымында, Акаевдин өтүнүч каты Жогорку Кеңешке бүгүн, 5-сентябрда эртең менен келген.

"Маселе дароо күн тартибине коюлбайт. Биринчиден, фракциялар, депутаттар карайт. Адан кийин гана күн тартибине киргизилет", - деди Султанбекова.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://oper.kaktus.kg/17202