Сатуучулар эт 100 сомго кымбаттаганын айтса, тиешелүү кызмат 10 сом эле кошулду дейт
RU

Сатуучулар эт 100 сомго кымбаттаганын айтса, тиешелүү кызмат 10 сом эле кошулду дейт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Акыркы бир айдан бери Кыргызстанда эттин баасы өсүүдө. 3-сентябрга карата "Ош базарында" 1 килограмм уй эти 650-680 сомдон сатылууда. Ал эми койдун эти - 550-570 сомдон. Сатуучулардын айтымында, баалар 100 сомго кымбаттады. Бирок Монополияга каршы кызмат азырынча эттин баасын жөнгө салуунун зарылчылыгы жок деп ишендирүүдө. Ушуга байланыштуу Kaktus.kg редакция бул тууралуу эл кандай ойдо экенин билип көрдү.

Сатуучулар эмне дейт?

"Ош базарда" бир топ жылдан бери сатуучу болуп иштеп келе жаткан Жылдыз Сыдыкова мындан бир ай мурда эле уйдун 1 кг этин 550, 580 сомдон сатканын айтты. Ал кымбаттоонун себебин Кыргызстандагы эттер экспорттолуп жатканы менен байланыштырат. Ошондуктан эт 100 сомдон кем эмес кымбаттады.

"Экспортко байланыштуу бизде эт кымбаттап жатат. Экспорт азыр көбүнчө Өзбекстанга болуп жатат. Ошол себептен эт кымбаттады. Эт бизге ортомчулар аркылуу келет. Алар кымбат сатып алган үчүн бизге кымбат келип жатат. Малды союп саткандар экспортко кымбат чыгарып жатканы үчүн да бизге кымбат келет да", - дейт ал.

Сатуучунун сөзүнө башка кесиптештери да кошулат. Буга ылайык, азыркы күндө "Ош базарында" уйдун эти 650 сомдон 680 сомго чейин.

"Болжолдуу 100 сомго кымбаттады. Азыр киллограммы 650 сомдон 680 сомго чейин. Буга чейин 550 сомдон 600 сомго чейин болчу", - дейт сатуучу.

Атын атагысы келбеген дагы бир сатуучу мал союп дүң баада саткандар бааны көтөргөнү үчүн эт кымбаттады дейт. Айтымында, алар бааны көтөрүп, Өзбекстан, Тажикистанга сатып жатышат.

"Бир, эки жума, бир ай мурун уй этин 470 сомдон алганбыз. Азыр бул баа кескин өзгөрдү. "Эт эмнеге кымбаттады?", "Эмнеге эт жок?" деп бизден да сурашат. Этти буга чейин өзбектер алса, эми тажиктер да сатып ала баштаптыр", - дейт ал.

Эттин баасы жөнгө салынабы?

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын директорунун орун басары Женалы Орозбаев редакцияга эттин кымбаттаганын ырастап, бирок 10 сомдун тегерегинде эле жогорулады дейт. Аталган кызмат мониторинг гана жүргүзөрүн белгилеп, белгилүү бир баада сатууга эч кимдин буйрук берүү укугу жок экенин айтты.

"Эгерде эттин баасына мамлекетке жөнгө салуу киргизилсе, ошол учурда гана биз максималдуу баасын чектеп беришибиз мүмкүн", - дейт ал.

Женалы Орозбаев эттин баасына жума сайын мониторинг жүргүзүлүп жатканын билдирди. Анын айтымында, үстүбүздөгү жылдын январь айынан бери уйдун эти 20 сомго кымбаттады. Ал эми Кыргызстан боюнча кой этинин орточо баасы 35 сомго өстү.

"Былтыркы жылга салыштыра турган болсок эттин баасы анча деле кымбаттаган жок. Анткени бизде мезгилге байланыштуу баалар төмөндөп, кайра жогорулап турат. Жалпысынан айрым гана жерлерде чекене саткан эттин баалары гана кымбатташы мүмкүн. А дүңүнөн болсо, мен жогоруда айткандай 5-10 сомго эле өстү", - деп кошумчалады ал.

Эттин кыбматташына таасир эткен факторлор

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын директорунун орун басары Женалы Орозбаев Кыргызстандагы эттин баасына таасир этип жаткан факторлорду санап өттү. Анын айтымында, бул кызмат сурамжылоонун негизинде мониторинг жүргүзгөндө этке деп семиртилген малдын саны азайып кеткенин аныкташкан. Бул эң башкы себеп.

"Кыргызстанда малдын башы көп. Бирок атайын семиртилген мал арзан, жок же аз. Ошондуктан аларга коюлган суроо-талап көп болуп, эттин баасы кымбаттап жатат.

Ошондуктан азыр эттин баасын жөнгө салуунун кереги жок. Биз азыр жөн гана көз салып жатабыз. Эгерде чындап эле ошондой жагдай пайда боло турган болсо, анда мамлекеттик деңгээлде чечим кабыл алынат. Анан ошого жараша бизде бааны коюуга мүмкүнчүлүк болот. Бирок азыр андай көрүнүш жок", - дейт орун басар.

Сатып алуучулардын пикирлери

Биздин сурамжылоого катышкан жарандардын дээрлик бардыгы акыркы айдын ичинде эт кеминде 100 сомго кымбаттаганын байкагандарын айтышты.

"Уйдун этин 480-520 сомдон алып жатканбыз. Бул өтө эле кымбат" десе, башкалары бардык эле нерсе кымбаттап жатканына нааразы. Алар баалар 10-15 күндүн ичинде эле көтөрүлүп кеткенин айтышып, бийлик качан көзөмөлгө алат деген суроо коюшту.

4-сентябрь күнү Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги өлкөдө эттин баасынын өсүшү боюнча кооптонууга негиз жок деген маалыматты таратты.

Анда 2024-жылдын 3-сентябрына карата жүргүзүлгөн мониторингге ылайык, эт азыктарынын чекене баалары жазылган:

  • Чүй облусунда уйдун эти – 523 сом, кой эти – 555 сом, жылкы эти – 520 сом, тоок эти – 300 сом;
  • Ош облусунда 1 кг уй этинин чекене баасы – 526 сом, кой эти – 586 сом, жылкы эти – 528 сом, тоок эти – 326 сомду түзгөн.
  • Баткен облусунда уй тинин баасы – 558 сом, кой эти – 613 сом, жылкы эти – 500 сом, тоок эти – 326 сом.
  • Ысык-Көл облусунда уйдун эти – 523 сом, кой эти – 555 сом, жылкы эти – 520 сом, тоок эти 300 сом.
  • Нарын облусунда уйдун эти – 515 сом, кой эти – 530 сом, жылкы эти – 501 сом, тоок эти – 310 сом.
  • Жалал-Абад облусунда уйдун эти – 519 сом, кой эти – 544 сом, жылкы эти – 501 сом, тоок эти – 288 сом.
  • Талас облусунда уйдун эти – 480 сом, кой эти – 543 сом, жылкы эти – 480 сом, тоок эти – 333 сомду түздү.
  • Ошондой эле республика боюнча эт азыктарынын орточо баасы базарларда: уй эти – 524 сом, кой эти – 560 сом, жылкы эти – 511 сом, тоок эти 300 – сомду түзүүдө.

Бирок редакция жүргүзгөн сурамжылоодо айтылган баалар менен министрликтин баалары кыйла айырмаланып турат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://oper.kaktus.kg/17159