Баткенде шарап сактоочу жайда ууланган 3 жумушчу кайтыш болду
RU

Баткенде шарап сактоочу жайда ууланган 3 жумушчу кайтыш болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Баткен районунун Чоң-Талаа айылында үч адам ууланып каза болду. Бул тууралуу редакцияга Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалым болгондой, жумушчулар 31-августта шарап сактоочу жайда салмагы 10 тонналык идиштерди жууп жатышкан. Уулануунун кесепетинен Чоң-Талаа айылынын 51 жаштагы жана 28 жаштагы тургундары жеринде каза болгон. Дагы бир жумушчу ооруканага жетпей кайтыш болгон.

Каза болгондордун жакындары соттук-медициналык кароодон баш тартып, жансыз денени ооуканадан алып кетишкен.

Бул факты Баткен РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, учурда текшерүү иштери жүрүп жатат.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык: stock.adobe.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://oper.kaktus.kg/17150