"Нурзаман" компаниясы "Мурас Нуру" Бульвары" жаңы турак жай комплексине капсула салды
RU

"Нурзаман" компаниясы "Мурас Нуру" Бульвары" жаңы турак жай комплексине капсула салды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын байыртадан бүгүнкү күнгө чейинки тарыхы, мурастары "Нурзаман" курулуш компаниясы үчүн куру сөз эмес. Анткени, элибиздин мурасын сактап, аны келечек муунга өткөрүп берүү маанилүү.

"Нурзаман" курулуш компаниясы өзүнүн долбоорлору аркылуу дал ушундай аракеттерди жасап келет. Бишкектин түштүк бөлүгүндө компаниянын досторунун, өнөктөштөрүнүн жана кардарларынын катышуусунда премиум класстагы жаңы турак жай комплекси – "Мурас Нуру" Бульварына" салтанаттуу түрдө капсула салынды.

Жакында заманбап архитектураны элибиздин маданий жана тарыхый баалуулуктары менен айкалыштырган концептуалдык турак жай комплекси пайда болот.

Белгилүү телеалпаруучу жана меценат Ассоль Молдокматова "Нурзаман" курулуш компаниясы өзүнүн ишенимдүүлүгү менен белгилүү жана ар бир долбоору философиясы менен айырмаланат деп белгиледи. Компаниянын ишин жаңы долбоор тастыктап турарын айтты.

"Бул тек гана имараттын дубалдары эмес. Биринчиден, бул укмуштуудай атмосфера. Компания, албетте, ишенимдүү. Алар биринчи кезекте оригиналдуулугу менен өздөрүн сунуштай алышты. Алардын оригиналдуулугу жана ишенимдүүлүгү Бишкекте гана эмес, анын чегинен тышкары жерлерде да белгилүү. Бардыгыбыз Эркиндик бульварын жакшы билебиз, ошол жерде чоңойгонбуз. Ар бирибиздин өзүбүздүн эскерүүлөрүбүз бар. "Мурас Нуру" Бульвары" – бул доорду жаратуучу окуя жана муунга калтыруучу учур. Муну түшүнүү абдан маанилүү", - деп баса белгиледи Ассоль Молдокматова.

"Мурас Нуру" Бульвары" – азыркы жана келечек муундардын жашоосу, энергиясы кайнап турган мурдагы замандын архитектуралык эстелиги. Бул ата-бабалардын мурастарын тарыхчылардын тажатма лекциялары менен эле сиңирүү эмес, улуттук өзгөчөлүк атмосферасында, ата-бабалардын жетишкендиктеринин курчоосунда жашай турган жай.

"Нурзаман" курулуш компаниясынын коммерциялык директору Бекжан Баялиев билдиргендей, турак жай комплексинин аймагы тоонун этегиндеги беш гектар жерден орун алган. "Мурас Нурунда" 12, 10, 8, 7 жана 4 кабаттуу турак-жайлар салынат. Биринчи этапта 450 батир курулат.

Аймактын жалпы аянты беш гектарды түзөт, ал үч зонага бөлүнгөн. Биринчисинде 12, 10 жана 8 кабаттуу турак-жайлар, экинчисинде 7 жана 4 кабаттуу имараттар жайгашат. Ал эми үчүнчүсүндө окуу борборлору жана спорт комплекси болот", - деди ал.

Долбоор ар бир үйгө күн нуру жетиштүү тийип, тоолордун кооз көрүнүшүн имараттар тоспой тургандай болуп түзүлгөн.

Долбоордун эң негизги жана маанилүү бөлүгү бул бульвар болуп саналат. Ал өзүнүн өзгөчөлүгү жана тарыхы менен бардык турак жайларды бириктирет. Бульвардын жалпы узундугу 500 метрди түзүп, органикалык түрдө эс алуучу, спорттук жайларды жана сейилдөө аймактарын айкалыштырат.

Биз кыргыз элинин маданиятын, рухун, көчмөндөрдүн тарыхын көрсөтө турган комплекс түзөлү дегенбиз.

"Жаңы бульвар чындыгында борбор калаанын тургундары жана коноктору үчүн абдан маанилүү. Борбордун ар бир коногу жана жашоочусу көрүнүктүү инсандардын скульптуралары жана каада-салттары аркылуу өлкөнүн кооз жерлери менен тааныша алат. Албетте, мен бул жерден батир алуу вариантын карап жатам", - деп таасири менен бөлүштү Ассоль Молдокматова.

"Мурас Нуру" Бульварында" турак жай комплексинин бүтүндөй мейкиндигинин архитектуралык үлгүсү салттуу оймо-чиймелерге жана заманбап дизайндагы символдорго негизделген.

Архитектор жана куруучу Шабдан Саипов долбоордун негизги максаты - салтты сактоо экенин айтат. Бул жерде улуу инсандар, баатырлар – Чыңгыз Айтматов, Аалы Токомбаев, Манас, Барсбек көрсөтүлөт. Өз кезегинде бул азыркы муунга тарых менен байланышууга жана аны түшүнүүгө жардам берет.

Ошондой эле ар бир үй цитата, өзгөчө оюм-чийим менен кооздолуп, өзгөчөлөнүп турат.

"Жалпысынан биз имараттарды элибиздин мурасы – оймо-чиймелери, жалпы маданиятка чоң из калтырган тарыхый инсандардын ой жүгүртүүсү менен толуктадык. Мага өзгөчө бульвардын атмосферасы жакты.", - дейт коммерциялык директор.

Ошол эле учурда турак жай комплекси жашоонун азыркы темпинде актуалдуу болгон заманбап инфраструктурага ээ. Адамдар керектүү нерселердин бардыгы жакын жерде - дүкөндөр, спорт комплекси, китепкана жана башка зарыл объектилер жайгашкан жерди издешет.

"Мурас Нуру" турак жай комплексиндеги батирлер ар кандай табитке ылайыктуу варианттарда сунушталат. Объекттер каалагандай жасап алуу үчүн сунушталат, кааласаңыз, ачкычты тапшыруу мүмкүнчүлүгүн да карап чыкса болот.

"Биз ар бир кардар менен жекече иштешип, баардык деталдарды талкуулап, батир сатып алуусуна шарт түзөбүз. Турак жайдын өзүнүн коммуникация системасы, электр энергиясы, суусу, газы болгону абдан маанилүү. Ар бир батирге газ отказандары орнотулуп, ар бир батирге жылуулук жана ысык суу берилет", - деди коммерциялык директор.

Дагы бир конок - дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова "Нурзаман" курулуш компаниясынын курулуш сапатын жогору баалайт. Айсулуу Тыныбекова биринчи үйүн аларда дал ушул компанияга кайрылган.

"Биринчи күндөн тартып мени абдан жылуу кабыл алышты, мага карындашындай мамиле кылышты, алардын колдоосуна абдан ыраазымын. Мен бул компанияга чындап ишенем жана алар менен иштешүүнү каалайм", - деди спортчу.

"Мурас Нуру" Бульвары" жаңы турак-жай комплекси муундарды сөзсүз бириктире турган заманбап Бишкектин тарыхындагы дагы бир маанилүү этап болот.

Муну капсула салуу иш-чарасы ырастап турат. Бардык коноктор жаңы турак жай комплексинде ата-бабалардын салтын сактай тургандарга жылуу сөздөрүн жана каалоолорун айтышты.

"Нурзаман" курулуш компаниясынын соода бөлүмүнүн дареги:

"Нурзаман". Биз мурасты сактайбыз. Мурасты өткөрүп беребиз.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://oper.kaktus.kg/17761