Эмгек министрлиги: Ошто атасы кордогон баланы коргоонун жекече планы түзүлдү
RU

Эмгек министрлиги: Ошто атасы кордогон баланы коргоонун жекече планы түзүлдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ошто атасынан зомбулук көргөн баланын ишин Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги көзөмөлгө алды. Учурда баланын үй-бүлөсү менен тиешелүү иш башталганын ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Белгилүү болгондой, үй-бүлө Ош облусунун Алай районунда жашайт. Райондук башкармалыктын маалыматы боюнча, балада ур-токмоктун белгилери жок.

Баланын атасы видеону эмгек миграциясында жүргөн аялын үйүнө алып келүү үчүн тарткан.

"Учурда баланы коргоонун жекече планы түзүлүп, териштирүү иштери бүткөнгө чейин жана үй-бүлө менен тактоо иштери аяктаганга чейин бала багып алуучу фостердик үй-бүлөгө жайгаштырылды", - дешти министрликтен.

12-сентябрда социалдык тармактарга баланы урушуп, андан кийин "Күндө урам! Эшикке уктайсың!" деп баланы бөлмөдөн чыгарып салган кишинин видеосу тараган. Кийичерээк Ош ОИИБи видеодогу жаран аныкталганын, текшерүү башталганын кабарлады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://oper.kaktus.kg/17327