Баңгиге байланган баланы куткарам деген ата-энелердин көз карандылыгы
RU

Баңгиге байланган баланы куткарам деген ата-энелердин көз карандылыгы

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Баласынын кайсы бир затка болгон көз карандылыгы бар экенин билген ата-эне ар кандай абалда болушу мүмкүн: шок, көңүл калуу, күнөө сезими, өспүрүмдү жазалоо каалоосу ж.б. Адатта, алар баласын көз карандылыктан күч менен "куткарууга" аракет кылышат, бирок өздөрү көз карандылыктын капканына түшүшөт. Ал эмне болгон көз карандылык? Эмне үчүн ал кайсы бир затка көз каранды өспүрүмдү дарылоого тоскоолдук жаратат. Бул тууралуу билүү үчүн "Жашоону тандоо" фондунун жетекчиси, баңгиге көз каранды баланын апасы Анна Губаренко жана психолог Маргарита Сабированы кепке тарттык.

"Башка бирөөнүн жашоосу менен жашайсың"

Анна Губаренко өз тажрыйбасы менен бөлүшүп, баңги затка көз каранды баласына болгон көз карандылыгынан кантип арылганын айтып берди.

"Кара көз карандылык – бул баланын баңгиге болгон көз карандылыгы менен бир убакта пайда болгон оору. Мен муну оору катары кабыл ала баштадым, анткени сен да чектелүү болосуң, өз жашооң менен жашай албайсың. Өз тажрыйбамда: уулумдун жашоосу менен жашаганга аракет кылып калгам. Аны коргоп, ар дайым ал жөнүндө гана ойлойт элем. Жашоомдо эмне гана болбосун, баары ага тиешелүү гана боло баштады. Уулумдан тышкары бир кызым, үй-бүлөм бар экенине карабай ушундай абалга түшүп калдым. Көз карандылыкта сен башка эч нерсеге, айланаңда болуп жаткан нерселерге көңүл бура албай каласың", - дейт ал..

Анын айтымында ар дайыма чыңалуу абалында болуу, адамды нерв оорусуна, депрессияга чалдыктырышы да мүмкүн.

"Баламдын баңгиге көз каранды экенин билгенде, ал эмне экенин, балам эмнени жана кантип колдонгону тууралуу маалымат чогултуп кирдим, абдан коркунучтуу болду. Ашыкча доза колдонсо, уулумдан айрылып калуу коркунучу бар экенин түшүндүм. Анан аны коргоого аракет кылып, ар дайым жанында болдум, баламды толугу менен башкара баштадым…", - деди.

"Мен аны көзөмөлүм менен муунтуп жаттым"

Көз карандылык - жөн гана баланын жашоосу үчүн тынчсыздануу эмес. Анна Губаренко белгилегендей, бул жашоо образына айланып калат.

"Мен баламдын өмүрүн толугу менен өз колума алдым. Мен аны аңдый баштадым. Анын эмне кылып жатканын такай көзөмөлдөш үчүн бөлмөсүнүн эшигин алып салдык. Сырткы эшикти бекитип койдук. Ачкычты уулумдан, күйөөмдөн алып койдум. Эшикти өзүм ачып-жаап жаттым. Балабыз терезени ачып чыгып кетпесин деп, терезелердин туткаларын чыгарып салдык. Бул аракеттерибиз менен балабызды муунтуп жаттык. Бирок ал учурда катуу көзөмөл жана ашыкча коргоо менен ага айыгып кетүүгө жардам берет деп ойлодум. Тескерисинче, аны кайра баңги колдонууга түрттү", - дейт.

Губаренконун айтымында, алардын үйүндө "аба электрлешип, чагылган ары-бери учуп жаткандай" атмосфера болчу.

"Биз жөн гана үйгө камалып алдык: күлгөндү, бактылуу болгонду, сейилдегенди, кафелерге барууну токтоттук. Булар мен үчүн керексиз болуп калды, анткени мен кетип калсам, балам качып чыгып, бир нерсе таап алабы деп корктум. Кичине бир нерсе болсо эле ойгоно калчумун. Менин угуум ушунчалык курч болуп калды дейсиз, ар бир кыймылга реакция кыла баштадым. Мүмкүн болушунча сак болуп уктадым. Мисалы, менин уулум дааратканага көпкө кирип кетсе, эшикти тыкылдата баштачумун: "Чык бол, ал жерде эмне кылып жатасың?" Эгер көзөмөлдү токтотсом, балам сөзсүз түрдө кайра колдонот деген паранойя пайда болгон", - деп кошумчалады ал.

"Мен эшикти ачтым, уулум жылаңаяк качты"

"Бир күнү мындан ары бул аракеттеримди уланта албай турганымды түшүндүм. Анан мен баламды ушунчалык туталанып ыйлаган абалга жеткирдим дейсиз, түнкү саат экиде эшикти ачтым эле, жылаңаяк көчөгө чыгып, менден качып кетти", - деди Анна.

Губаренконун айтымында, баңгиге көз каранды баласы бар ата-энелер, баласы наркологиялык диспансерде дарылангандан кийин айыгып кетет деп ойлошот, бирок кайсы бир күнү бала кайра колдонуп алат, көз карандылык күчөйт. Анна өзү ушундай абал менен эки жыл жашаган.

"Мен туталангам: дарылоого болгон үмүтүм акталган эмес. Мен коркунучка терең батып кеткем. Ал сени шал кылып коет, эч нерсе кыла албайсың. Коркунуч жашоомду башкарып жатканын түшүндүм. Жашоом токтоп калды. Кызыма көңүл бурбай калдым, ал дагы кыйналды. Жолдошум менен ажырашып кеттим... Балам реабилитациялык борбордон чыкканда, психиатр-наркологго кайрылганбыз. Ошол жерден дарыгер мага: "Сенде психоз бар, сүйлөбөй калгансың, кебетең дагы боппоз" деди. Эмоцияларымды башкара албай калдым. Мисалы, уулумдун көз карандылыгына байланыштуу темаларды талкуулап жатканда, көз жашым токтобой агып жатты. Үч күн төшөктө тура албай жаттым. Психиатр менин абалыма көңүл бурганда, өзүмдү колго алып, жашоомду бузуп жаткан нерсени токтотушум керектигин түшүндүм. Мен көз карандылык менен ооруп жатканымды билдим", - деди ал.

"Өзүм ооруп жатканда, баламды айыктыра албай турганымды түшүндүм"

"Мен көз карандылык жөнүндө изилдей баштадым. Интернетке кирип, көз каранды адамдардын топтору тууралуу маалымат издеп, орус энелердин башынан өткөн окуяларын окуй баштадым. Мага: өзүм ооруп жатканда баламды айыктыра албайм, жардам бере албайм деген ой келди. Өзүмдүн абалымды талдай баштадым: балам кыйынчылыкка кабылганда мен нерв болуп, акыл-эсимди жоготуп, кайгыга батып кетет элем. Бул чечим эмес, кырдаалды курчуткан нерсе экенин түшүндүм. Мен психиатрга кайрылдым. Ошол убакта депрессияга түшө баштадым, мага антидепрессанттарды жазып беришти. Көз карандылык жөнүндө маалыматты окуп, акырындап бул абалдан чыга баштадым. Акыр-аягы чыктым. Эгер азыр кандайдыр бир оор жагдайларга туш болсок, мен андан чыгуунун жолун издей баштайм: уулум экөөбүз эмне кылсак болот? ага кантип жардам бере алам? дегендей.

"Мен аны айык деп мажбурлай албай турганымды түшүндүм. Бул бир гана анын чечими. Сасык тумоо менен ооруп жаткан адамга: "Айыгып кет! Айыгып кет!" деп бакырган сыяктуу. "Бул ыкма иштебейт", - деп түшүндүрдү ал.

Ал анан кантип иштейт?

Губаренконун айтымында, ата-энелер баласы айыгып кетсин десе, ага туура түрткү берүүнү үйрөнүшү керек.

"Мен үйдөгү кырдаалды өзгөртүү керектигин түшүндүм. Үй-бүлөдөгү атмосфера башкача болушу керек. Катаал көзөмөл болбошу керек, баңгиге көз карандылыкка болгон мамилени өзгөртүшүбүз керек, аны оору катары кабыл алышыбыз зарыл. Уулумду азыр башкача кабыл алам. Мисалы, ал кайра колдонуп алса, анда мен ага айыгууга көмөктөшкөнгө аракет кылам. Эмне кылсам да, аны колдондурбай кое албайм. Мен абал кандай болсо, ошондой кабыл алдым: ооба, балам бар, ал оорулуу, бирок мен аны жакшы көрөм, ар дайым жанында болом. Ал каалаган учурда мага кайрылса, ага жардам берүүгө даяр экенимди билет", - деп баса белгиледи баңгиге көз каранды болгон баланын апасы.

Психологдун көз карашы боюнча көз карандылык деген эмне?

Психолог Маргарита Сабирова баса белгилегендей, көз карандылык темасы баңги затка көз карандылык темасынан кем калбаган мааниге ээ.

"Өспүрүмдө көз карандылыкты калыптандыруу процессине анын жакынкы чөйрөсү, тактап айтканда, үй-бүлөсү чоң таасир берет. Үй-бүлө баланын көз карандылыктан айыгуусу үчүн күчтүү ресурс боло алат. Бирок, тилекке каршы, өспүрүмдөрдүн аракечтик, баңгилик, баңги заттарын колдонуу сыяктуу оорулардан сакайып кетүүсүнө көбүнчө жакын чөйрөссү тоскоол болот. Бул тоскоолдук дагы көз карандылык деп аталат", - деп белгиледи ал.

Сабирова тактагандай, жалпы аныктама боюнча, көз карандылык – бул үй-бүлөнүн башка мүчөсүнө терең эмоционалдык, социалдык жана физикалык көз карандылыктан турган патологиялык абал. Адатта, көз карандылыктан жабыркаган жакын адамына.

"Ар кандай көз карандылык, анын ичинде баңгизат колдонуу жана алкоголизм - үй-бүлөлүк оору экенин түшүнүү керек. Көз карандылык бар жерде ар дайым ага тең көз карандылык болот. Анын кандайча пайда болгонун түшүндүрө кетсек. Эгерде өспүрүм узак убакыт бою психоактивдүү заттарды пайдаланса, анда, албетте, ата-энелери абдан чоң психологиялык стресске дуушар болушат: уйкусуз түндөр, тынчсыздануу ж.б. Өспүрүм көңүл борборуна жана тынчсызданууга себеп болот. Ата-энелер жана үй-бүлөнүн башка мүчөлөрү бейтаптын аракеттерине толугу менен көз каранды болуп калат, кырдаалды адекватуу баалай албай жана чечим кабыл ала алабй калышат. Алар өздөрүнүн эмес, жакынынын жашоосу менен жашашат", - деди психолог.

Психологиялык бузулуу, биринчи кезекте, дени сак чектердин жоктугунан байкалат. Ошол эле учурда алар өздөрүнүн абалын камкордук менен чаташтырышат.

"Кайсы бир затка көз каранды баланы ар кандай көйгөйлөрдөн обочолонтуу максатында, алар өздөрүнө мүмкүн эмес милдеттенмелерди алышат (мисалы, чоң суммадагы акча издеп), өспүрүмдү жаап-жашырып, ага жалган алиби түзүшөт. Баланын жүрүм-турумун өзгөртүү аракети кайра-кайра ишке ашпайт. Туугандары аныынандырууга, коркутууга, абийирдүү болууга, уят жана күнөөлүү сезимин сездирүүгө аракет кылып, өздөрүнө мындай суроолорду бере башташат: "Балким менде бир нерсе туура эмес?", "Баарына мен күнөөлүү болсомчу?" Алар акырына чейин баары жакшы болоруна ынанышат. Бирок, абал барган сайын начарлайт. Ошентип, жакындары өзүн-өзү алдаганга, ачууланууга жана уялууга көнүп калышат. Мунун баары алардын жашоодогу туруктуу шеригине айланат", - деп белгиледи Сабирова.

Анын айтымында, көбүнчө апасы же атасы, же экөө тең баласынан көз каранды экенин түшүнүшпөйт. Мындай абалда узакка туруу психикалык жана соматикалык түрдүү оорулардын өнүгүшүнө алып келет.

"Баса, көз каранды адамдардын чөйрөсүнө үй-бүлөдөн тышкаркы адамдар да кириши мүмкүн: достор, мугалимдер, бири туугандары, чоң ата, чоң апалары ж.б.", - деп кошумчалады психолог.

Көз каранды ата-эненин белгилери кандай?

Албетте, ар кандай патологиялык абал сыяктуу эле, көз карандылыктын да өзүнүн белгилери бар. Сабирова алардын эң негизгилерин атап өттү:

Баарын көзөмөлгө алуу зарылчылыгы

Көзкаранды болгон ата-энелердин өзүн жакшы сезүүсү көбүнчө өспүрүм менен болгон мамилесинен көз каранды, ошон үчүн алар баланын жашоосун көзөмөлдөөгө аракет кылышат. Өспүрүм менен болгон ар кандай жагдайлар ага көз каранды болгон жакын туугандары тарабынан дароо кабыл алынып, кырдаалды өз көзөмөлдөрүнө алуу аракетине алып келет.

Курмандык болуу оюну

Көзкаранды болгон тууганы өзү түшкөн жагымсыз жагдай тууралуу окуяларды айтып берип, боору ооруп, күнөөлүү сезимдерин ойготуу үчүн, өспүрүмдү кандайдыр бир аракеттерге түртүшү мүмкүн.

Фактыларды бурмалоо жана эмоционалдык бөгөт коюу

Эреже катары, көз каранды ата-энелер көз карандылыктын жүрүм-туруму оору экенин жана алардын баласы квалификациялуу жардамга муктаж экенин четке кагышат. Алар үй-бүлөсүнүн жыргалчылыгын токтотуп калганын же тарбиялоодо бир нерсени байкабай калганын моюнга алуудан коркушат. Бул көз карандылыктын фонунда адамда жашоосуна жана сырткы келбетине кайдыгерлик, обочолонуу, жашыруундук, эки жүздүүлүк, агрессия ж.б пайда болот.

Компульсивдүү аракеттер

Бул логикага сыйбаган, аң-сезимсиз жүрүм-турум, мисалы, ар кандай аффекттер, кийин өкүнгөн аракеттер ж.б. Ошондуктан кээ бир ата-энелер акча берсе баңгизатка короторун билип туруп, көз каранды болгон өспүрүмгө акча берип коюшу мүмкүн.

Жоопкерчилигин аңдабагандык же аша чаап жиберүү

Күнөөлүү сезимдин күчөшү да олуттуу психологиялык көйгөй болуп саналат, ал өспүрүмдүн каалоолорун, анын ичинде психоактивдүү заттарду колдонуусун кубаттоого алып келет. Кээде, тескерисинче, көз каранды адамдар бардык көйгөйлөр үчүн башка адамдарды же тышкы факторлорду күнөөлөшөт, бул жоопкерчиликтен качуу. Мындай учурда көз каранды болгондор өз алдынча татаал чечимдерди кабыл ала алышпайт (мисалы, өспүрүмдү реабилитациялоо), бул үчүн аларга сырттан жардам керек. Бирок, мындай чечкинсиздик менен, көз каранды болгон ата-энелер, баласы алардын жардамы жок жалгыз күрөшө албайт деп ойлоп, болуп жаткан окуялардагы ролун эгоцентрдик түрдө көбүртүп-жабыртып коюшат.

Ден соолуктун начарлашы

Туруктуу стресс физикалык ден соолукка таасир этпей койбойт. Натыйжада, көз каранды болгондор тынымсыз ооруларга, олуттуу диагноздорго туш болушат - жаралар, астма, нейродермит, жүрөк оорулары, өнөкөт чарчоо.

Көз карандылык айыгууга кантип тоскоолдук кылат?

Жогоруда Сабирова белгилегендей, санап өткөн деструктивдүү ыкма өспүрүмдөрдөгү көз карандылыкты дарылоодо тоскоолдук болуп саналат. Чындыкты туура кабыл ала албаган жакын туугандары өспүрүмгө оорусунан арылууга жардам бере алышпайт. Мындан тышкары, көз каранды ата-энелер көбүнчө психологиялык ыңгайсыздыкка дуушар болушат жана өздөрү депрессияга кабылышат.

"Көз каранды мамилелер өспүрүмдүн реабилитациялык борбордо да, адаптация мезгилинде да реабилитациясына тоскоол болушу мүмкүн. Тынымсыз көңүл борборунда болуудан тажаган көз каранды өспүрүм кайрадан психоактивдүү заттарды колдонууга өтүшү мүмкүн. Ошондуктан өспүрүмдөрдүн көз карандылыгын дарылоого бүт үй-бүлө активдүү катышат: реабилитация менен катар жакын туугандары да окуудан өтүп, лекцияларды, адабияттарды окуп, психологдор жана наркологдор менен баарлашышат", - деп баса белгиледи психолог.

"Белгилей кетчү нерсе, үй-бүлө - психологдор ар дайым өзгөчө көңүл бурган аймак. Үй-бүлөлүк мамилелерди жөнгө салбаса, үй-бүлөлүк каада-салт, мамиле, баалуулуктар менен иштебесе, көз карандылыкты жеңүү өтө кыйын. Үй-бүлөдөгү дени сак эмес атмосфера (бул сөзсүз эле чыр-чатактар ​​болушу шарт эмес; "тынч" жашаган, бирок дени сак эмес үй-бүлөлөр да бар) узакка созулган реабилитациялык курстардан кийин да бузулууга өбөлгө түзөт", - деп кошумчалады ал.

Кантип бул абалдан чыгып, кийин кайра ага түшүп калбагандай кылса болот?

Практикада, көз карандылыкты жеңүү үчүн кадамдар бар. Сабирова алардын ичинен эң маанилүүлөрүн санай кетти:

  • Өзүңдү жакшы түшүнүү. Бул үчүн сезимталдыкты өрчүтүү керек: "Мага эмне жагат?" "Мен кандаймын?"
  • Баарлашууга болгон мамилени кайра карап чыгуу: манипуляция жана түшүнүксүз билдирүүлөрдөн чынчыл жана ачык сүйлөшүүгө өтүү.
  • Жалгыз автономдуу жана жетилген адам болуу өтө кыйын, бул жерде колдоо тобун табуу маанилүү: бул ар кандай психологиялык байланыш топтору, психотерапевт менен жеке иш алып баруу болушу мүмкүн.
  • Жашоо үчүн жоопкерчиликти алуу: бул үчүн кайраттуу болуп, реалдуулукка чынчылдык менен караш керек. Кайсы жерде жана кандай кемчиликтер бар экенин, муну кантип чечсе болорун түшүнүү.
  • Чек араларды чечүү: жашоодо кайсы нерсе сеники, эмнеге таасир этүүгө укугуң бар жана кайсы жерде көзөмөлдүн кереги жок экенин кайрадан карап чыгуу.
  • Жеке психотерапевттик сеанстар, көз карандылыктын түпкү себептерин жоюуга, коркуудан арылууга, кайсы бир затка көз каранды адамдан өзүңдү ажырата билүү жөндөмүн өнүктүрүүгө жардам берет.
  • Конфликттик маселелерди жана патологиялык байланышты түзүү механизмдерин түшүнүүгө, чектен чыкпастан бири-бирин колдоону үйрөнүүгө мүмкүндүк берүүчү үй-бүлөлүк тренингдер.
  • Акырында өз жашооң менен жашоо. Өмүр чексиз коркуу жана тынчсыздануу менен текке кетирүү үчүн берилген нерсе эмес. Максаттарга жетип, жаңы пландарды түзүү керек.

Кандай ата-энелик стратегиялар келечекте балдардын бири-бирине көз каранды болуп калышын алдын алууга багытталган:

  • Эркти жана көз карандысыздыкты кубаттоо:
  • Баланы өзүнүн жана башка адамдардын муктаждыктарын урматтоого үйрөтүү.
  • Бала жооптуу болгон аймакты белгилеп, аны туура колдонгонду үйрөтүү. Бул ит менен сейилдөө, бөлмөсүн тазалоо, идиштерди жуу жана башкалар болушу мүмкүн.
  • Баланын индивидуалдуулугун байкоо, өзгөчө болуусун кубаттоо.
  • Баланын өз алдынчалыкка болгон каалоосун кубаттоо.
  • Чектерди коюу: эрежелер, талаптар, эрежелерди бузса кандай кесепеттер болорун.
  • Балага өз тандоосуна жоопкерчилик алууга мүмкүнчүлүк берүү. Мисалы, бала үй тапшырмасын аткарууну унутуп калса, бул эмнеге алып келерин өз тажрыйбасынан түшүнсө адилеттүү болот: ал жаман баа алат, мугалим тарабынан сөгүш угат ж.б.у.с.

"Көз карандылыктын тымызын айлампасын жеңүү үчүн өспүрүмгө кесипкөй жардам гана керек эмес экенин эстен чыгарбоо зарыл. Көз карандылык - бул дарылоону талап кылган оору. Эгерде ата-эне баласына жардам берүүнү кааласа, анда биринчи кезекте алар өзүнө жардам бериши керек – өзүн күнөөлөгөндү, өзүн актаган аракеттерин токтотуп, балага чечкиндүү чечим кабыл алууга жардам бериши абзел", - деп жыйынтыктады психолог Маргарита Сабирова.

Жардам алуу үчүн кайда кайрылуу керек?

Психиатрларга жана наркологдорго. Мисалы, Байтик баатыр, 1а көчөсүндө жайгашкан Республикалык психиатрия жана наркология борборуна.

Бишкекте баңгиге көз каранды болгон адамдардын жакындары үчүн "12 кадам" системасы боюнча иштеген топтор бар. Жолугушуулар жекшемби күндөрү саат 9:00дө Байтик Баатыр көчөсү, 69 дареги боюнча өткөрүлөт.

Ата-энелер үчүн санарип энциклопедия (46 статей)
Өспүрүм куракта бала төрөө, тарбиялоо чечими тууралуу эмнелерди билүү керек
17 Июль 2024, 14:23
Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору
13 Июль 2024, 13:36
Канткенде ата-эне өспүрүмдөрдүн өз жанын кыюусун алдын ала алат
8 Июль 2024, 12:14
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://oper.kaktus.kg/15932