Көлдө 18 жаштагы келин төрөттөн кийин каза болду
Ысык-Көлдүн Түп айылынын 18 жаштагы тургуну төрөттөн улам каза тапты. Ал эми ымыркай 3 күндөн кийин чарчап калганын Саламаттыкты сактоо министрлигинин башкы адиси Раиса Асылбашева Kaktus.kg сайтына ырсатады.
Башкы адистин маалыматына караганда, кош бойлуу келин 23-мартта оор абалда Түптүн тез жардам кызматына кайрылган. Ал жерден тиешелүү алгачкы жардам көрсөтүлүп, Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасына жөнөтүлгөн.
"Бейтап 23-март күнү саат 14:00 чамасында оор абалда ооруканага тушкөн. Дарыгерлер консилиум өткөрүп, кесарево жасашкан. Бирок келиндин абалы начар болуп, реанимацияда жатып, 24-мартта каза болот. Ал эми ымыркай 7 айлык (30 апталык) болуп төрөлгөн, ал да 3 күндөн кийин чарчап калган. Бул окуя боюнча гистологиялык экспертиза дайындалды. Анын корутундусу менен баа берилет", - деди адис.
Ошондой эле Раиса Асылбаешева келин кош бойлуулук боюнча каттоого кеч турганын кошумчалады.
Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.