"75чилердин каты" боюнча соттук жараян жылдырылды
RU

"75чилердин каты" боюнча соттук жараян жылдырылды

Все самое интересное в Telegram

Бүгүн, 17-августта Бишкек шаардык сотунда "75чилердин каты" боюнча райондук сот чыгарган өкүмдү жокко чыгаруу тууралуу даттанууларды кароо улантылды. Бирок айыпталуучулардын биринин адвокаты келбегендигине байланыштуу отурум кийинки дүйшөмбүгө жылдырылды.

Белгилесек, июль айынын башында Биринчи Май райондук соту УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевди, Жогорку Кеңештин экс-спикери Нурланбек Тургунбек уулун, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Курманкул Зулушевди, коомдук ишмер Бекболот Талгарбековду, мурдагы элчи Эмилбек Узакбаевди, экс-депутат Курманбек Дыйканбаевди, мурдагы вице-премьер, экс-депутат Аалы Карашевди жана ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановду "Бийликти күч менен басып алууга аракет кылуу" боюнча күнөөлүү деп таап, төрт жылдан абакка кескен. Бирок жазаны 3 жылдык пробация менен алмаштырган.

3-августта Башкы прокуратура "75чилердин каты" боюнча айыпталгандарга чыккан өкүмгө каршы Бишкек шаардык сотуна даттанган.

"75чилердин каты" боюнча соттук териштирүү (24 макала)
Сот "75чилердин катына" кол койгондорду суракка чакыруу өтүнүчүн канааттандырды
13 Августа 2026, 13:28
Шаардык сотто "75чилердин каты" боюнча апелляциялык арыз каралып жатат
13 Августа 2026, 11:06
"75чилердин каты" боюнча апелляциялык арыз карала баштады
10 Августа 2026, 10:20
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://oper.kaktus.kg/18553