Кар көчкү алдында калган жарандарды издөөгө тик учак тартылды
RU

Кар көчкү алдында калган жарандарды издөөгө тик учак тартылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чаткал районундагы Ак-Сай тоосунда дайынсыз жоголгон 6 жаранды издөө иштерин улантуу үчүн Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин жеке буйругу менен тик учак жөнөтүлдү. Тик учак бүгүн, 18-октябрда саат 09:10до белгилеген тилкеге конуп, дайынсыз болгон 6 жаранды издөө иштери башталды дешет ӨКМдан.

Белгилесек, 9-октябрда Каныш-Кыя айылынын 13 тургун менен кытайлык 1 жаран эндик өсүмдүгүнүн тамырын издөөгө тоого кеткенден кийин дайынсыз болушкан.

16-октябрда издөө иштеринин натыйжасында 8 жаран аман-эсен табылган, ал эми калган 6 киши кар көчкү алдында калышы мүмкүн деген маалымат берилген.

Издөө иштерине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жалпы 20 куткаруучусу тартылып, зарыл болгон бардык техникалык жабдуулар колдонулууда. Ошондой эле куткаруучулар спутник аркылуу министр менен туруктуу байланышып турушарын кошумчалашты ӨКМдан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://oper.kaktus.kg/17725