Даниел Ажиевдин апасына 5500 сом айып салынды
RU

Даниел Ажиевдин апасына 5500 сом айып салынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Ынтымак Ордо" резиденциясынын тосмосун сүзгөнү үчүн Даниел Ажиевдин апасына 5500 сом айып салынды. Бул тууралуу Ленин райондук сотунан билдирди.

Бишкектин Ленин райондук соту Сайкал Ажиевага Кылмыш-жаза кодексинин 126-беренеси "Майда бейбаштык" боюнча 5500 сом өлчөмүндө айып салуу чечимин чыгарды.

Эске салсак, Ажиевдин апасы 17-октябрда түштөн кийин Lexus үлгүсүндөгү унаасы менен президенттик администрациянын жаңы имаратынын дарбазасын сүзгөн. Маалым болгондой, ал ушундай жол менен 9 жылга соттолгон уулу Даниел Ажиевдин маселесине өлкө жетекчилигинин көңүлүн бурдургусу келген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://oper.kaktus.kg/17721