Бишкекте дүкөндүн сатуучусун сабап салган киши кармалды. Видео
RU

Бишкекте дүкөндүн сатуучусун сабап салган киши кармалды. Видео

Все самое интересное в Telegram

Бишкектеги дүкөндөрдүн биринде сатуучуну белгисиз киши уруп, тээп жаткан видео социалдык тармактарга тараган. Аялга кол көтөргөн жаранга "бейбаштык" менен иш козголгонун Октябрь РИИБден билдиришти.

Такталгандай, 24-апрелде О.Н. аттуу аял арыз менен кайрылып, белгисиз жаранга чара көрүүнү суранган. Ошол эле күнү Бишкек шаарынын 6-кичи районунда жайгашкан дүкөндөрдүн биринде белгисиз адам денесине эч себепсиз залал келтирип, белгисиз тарапка кетип калганын айткан.

Аталган факты боюнча 280-берене (Бейбаштык) менен кылмыш иши козголгон.

Милиция кызматкерлери тарабынан изи сууй электе 1968-жылы туулган Г.А. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://oper.kaktus.kg/16026