Бишкекте эркек кишинин жансыз денеси табылды. Ал сабалганы маалым болду
RU

Бишкекте эркек кишинин жансыз денеси табылды. Ал сабалганы маалым болду

Все самое интересное в Telegram

Бишкектин Свердлов районунда бир киши сабалып каза болду. Мындай маалыматты Kaktus.media редакциясына райондук ички иштер бөлүмүнүөн ырасташты.

Белгилүү болгондой, 13-сентябрда саат 15:32де милициянын нөөмөт бөлүмүнө үйлөрдүн биринен адамдын жансыз денеси табылганы тууралуу билдирүү түшкөн.

Окуя болгон жерге Свердлов РИИБдин жетекчилиги барып, каза болгон адам 1981-жылы туулган А.Б. экенин аныкташкан. Анын денесинде жаракаттар болгон. Экспертиза дайындалган.

Кийинчерэкк такталгандай, 3 адам спирт ичимдигин ичип отуруп чырдаша кеткени, мушташтын кесепетинен А.Б. каза болуп калгандыгы аныткалган.

Шектүүлөрдүн бири 1988-жылы туулган К.К. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда экинчи шектүүнү издөө иштери жүрүп жатат.

Kaktus.media`га өздүк булактар билдиригендей, маркум кабыргалары сынганча сабалган.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://oper.kaktus.kg/17365