Башкы прокуратура "75чилердин каты" боюнча чыккан өкүмгө каршы арыз берди
RU

Башкы прокуратура "75чилердин каты" боюнча чыккан өкүмгө каршы арыз берди

Все самое интересное в Telegram

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы УКМКнын мурдагы башчысы Камчыбек Ташиевдин жана "75чилердин каты" деп аталган кылмыш иши боюнча айыпталган дагы жети адамга чыккан өкүмгө каршы апелляциялык арыз берди. Бул тууралуу прокурартурадан билдиришти.

Мамлекеттик айыптоочулар 397-берененин негизинде жогорку инстанцияга кайрылышты. Бирок Башкы прокуратурадан жазанын кайсы бөлүгүнө даттануу бергенин же кандай чечимди көздөп жатканын так айтышкан жок.

Эске салсак, 2-июлда Бишкектин Биринчи май райондук соту "75чилердин каты" боюнча айыпталуучуларга чечим чыгарган. Анда Камчыбек Ташиев, Нурланбек Тургунбек уулу, Курманкул Зулушев, Бекболот Талгарбеков, Эмилбек Узакбаев, Курманбек Дыйканбаев, Аалы Карашевди жана Курсан Асанов "Бийликти күч менен басып алуу" беренеси менен күнөөлүү деп табылып, төрт жылдан абакка кесилген. Сот баарына үч жылдык пробация берип, айыпталуучулар эркиндикте калган.

"75чилердин каты" боюнча соттук териштирүү (21 макала)
"75чилердин каты" боюнча апелляциялык арыз карала баштады
10 Августа 2026, 10:20
"75чилердин каты". Ташиев баш болгон айыпталуучуларга өкүм чыкты
2 Июля 2026, 21:22
"75чилердин каты". Судья өкүм чыгаруу үчүн кирип кетти
2 Июля 2026, 17:13
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://oper.kaktus.kg/18434