Өлкөдө майыптыгы бар аялдардын ишке орношуусуна зор түрткү берилет
RU

Өлкөдө майыптыгы бар аялдардын ишке орношуусуна зор түрткү берилет

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте майыптыгы бар аялдарга заманбап компьютердик жабдуулар жана адистештирилген программалар берилди. Бул жабдуулар аялдарга санариптик кесиптерди өздөштүрүүгө жана эмгек рыногунда өз ордун табууга жардам бермекчи. Иш-чара Европа Биримдигинин финансылык колдоосу менен ишке ашырылып жаткан "InKoom – Кыргызстандагы адилеттүү жана инклюзивдүү коомду өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү" долбоорунун алкагында уюштурулду.

"Бул жөн гана жабдуу эмес, бул жаңы жашоого мүмкүнчүлүк, айымдарга мыкты ийгиликтерге жетип, көз карандысыз болуп, суроо-талапка ээ адис болууга мүмкүнчүлүк", - деп билдирди азем убагында Европа Биримдигинин Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгүнүн кызматташуу бөлүмүнүн башчысы Ханс Фарнхаммер.

2024-жылдын 1-январына карата өлкөдө майыптыгы бар 216 миңге жакын адам катталды, алар жалпы калктын санынан 3 пайызга жакынын түзөт. Акыркы беш жылда алардын саны 10,5 пайызга өстү. Бүгүнкү күндөгү кырдаал көрсөткөндөй, майыптыгы бар болуп, жумушка орношкон адамдардын үлүшү азайып баратат. Майыптыгы бар адамдар туш болуп жаткан көптөгөн кыйынчылыктар менен бирге, алардын жумушка орношуусуна байланышкан кырдаал да опурталдуу.

Майыптыгы бар кыз-келиндердин экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип, коомдо өз ордун табуусуна көмөктөшүү максатында "InKoom" долбоорунун алкагында Бишкек жана Ош шаарларында мындай кыз-келиндерди шыктандырып, кесипкөй окутуп, ишке орноштурууга көмөк көрсөтүү боюнча комплекстүү жумуштар жасалды. Жалпысынан майыптыгы бар 120дан ашык кыз-келин окуудан өтүштү, алардын ичинен бүгүнкү күндө 30 аял ийгиликтүү ишке орношо алышты. "InKoom" долбоору компьютердик жабдуулардын, адистештирилген программалардын жана гаджеттердин 15 жыйнагын сатып берди. Бул жыйнактар ар кандай формадагы майыптыгы бар аялдарга даректелип, бардык эл аралык стандарттарга жана талаптарга жооп берет.

Иш-чарага катышкан Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри щрун басары Чыңгыз Маматбек уулу буларды айтты: "Майыптыгы бар аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү – бул социалдык адилеттүүлүккө тиешелүү маселе гана эмес, бул ошондой эле Кыргызстандын экономикалык өнүгүүсүнүн маанилүү фактору. Биз ар бир адам, физикалык мүмкүнчүлүктөрүнө карабастан, өз дараметин ишке ашыра ала турган инклюзивдүү коомду түзүүгө багытталган демилгелерди кубаттайбыз".

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://oper.kaktus.kg/17767