Президент жергиликтүү кеңештерди таркатты
RU

Президент жергиликтүү кеңештерди таркатты

Все самое интересное в Telegram

Садыр Жапаров "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерин таркатуу жана кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө" жарлыкка кол койду. Бул туурасында президенттин администрациясы билдирди.

Буга чейин административдик-аймактык реформа жүрүп, айыл аймактардын саны кыскарган.

Ошентип Бишкек жана Ош шаарларынын, ошондой эле Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош, Талас жана Чүй облустарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо 2024-жылдын 17-ноябрына дайындалды.

Ал эми Баткен облусунун Баткен жана Лейлек райондорунун, Баткен жана Сүлүктү шаарларынын жергиликтүү кеңештерине депутаттарды шайлоо административдик-аймактык реформанын алкагындагы өзгөртүүлөрдү мыйзамдык жөнгө салууну эске алуу менен өткөрүлөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://oper.kaktus.kg/17225