АКШ кыргызстандыктар үчүн визанын мөөнөтүн 10 жылга узартты
RU

АКШ кыргызстандыктар үчүн визанын мөөнөтүн 10 жылга узартты

Все самое интересное в Telegram

АКШ өкмөтү Кыргызстандын жарандарына АКШнын туристтик жана ишкердик жаңы визаларынын мөөнөтүн 5 жылдан 10 жылга узартты. Эреже 4-марттан тарта күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын паспортунун ээлери үчүн B1, B2 жана B1/B2 визаларына арыз берүү үчүн 20 доллар өлчөмүндөгү төлөм жокко чыкты.

Эскерте кетсек, 10 жылдык мөөнөттөгү виза мурда берилген визаларга тиешеси жок. Жаңы эреже 2024-жылдын 4-мартынан баштап берилген B1, B2 жана B1/B2 визаларга гана тиешелүү.

"Америка Кошмо Штаттары саякаттарды жеңилдетип, америкалыктар менен кыргыз элинин ортосундагы байланыштарды тереңдетүүгө умтулат", - дешет АКШнын Кыргызстандагы элчилигинен.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://oper.kaktus.kg/15662