Келерки жылы окуу жайга тапшыруу үчүн ЖРТнын босого баллы 123 болот
RU

Келерки жылы окуу жайга тапшыруу үчүн ЖРТнын босого баллы 123 болот

Все самое интересное в Telegram

Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча ЖОЖдорго өтүү баллы акырындык менен жогорулатылат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева 1-декабрда Жогорку Кеңештин "Ата Журт Кыргызстан", "Ишеним" фракциялары жана "Мекенчил" депутаттык тобунун жыйынында билдирди.

Анын айтымында, педагогикалык адистиктерге кабыл алууда босого балл 5%га көтөрүлөт. Мындан улам, ЖРТнын орточо баллы 2%га жогорулайт.

"Кийинки жылы биздин болжолдор боюнча бюджеттик орундар үчүн босого балл 123 баллды түзөт (учурда - 110), - дейт бөлүм башчы.

Ал кошумчалагандай, 2023-2024-окуу жылында педагогикалык адистикке тапшыргандардын орточо баллы 160 баллды түздү. Аталган адистиктер боюнча билим алып жаткан студенттер биринчи курста 1 миң сом, экинчи курста 2 миң сом, үчүнчү курста 3 миң сом, төртүнчү жылы 4 миң сом, бешинчи курста 5 миң сом стипендия алышат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://oper.kaktus.kg/15065