Президенттин администрациясы "Э" тамгасы боюнча чууларга жооп берди
Кыргыз алфавити өзгөрбөйт жана 36 тамга бойдон калат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков соцтармактагы баракчасына жазды.
Буга чейин Улуттук илимдер академиясынын айрым окумуштуулары кыргыз тилиндеги "Э" жана "Е" тамгаларына байланыштуу өздөрүнүн жеке сунушун коомдук талкууга чыгарып, көпчүлүк нааразы пикирлерин айтышкан. Талкууларга Орунбеков жооп берип, бул окумуштуулардын жеке көз карашы жана жеке демилгеси деп белгиледи.
Мамлекет тарабынан кыргыз алфавитин өзгөртүү боюнча эч кандай чечим да, демилге да көтөрүлгөн эмес. Кыргыз алфавити мурдагыдай эле 36 тамгадан турат жана өзгөрүүсүз калат.
"Мындай сунуштарды көтөрүп чыккандар, негизсиз талаш-тартыштарды жана нааразычылыкты жарата турган демилгелерди коомчулукка чыгарардан мурда анын зарылдыгын, кесепеттерин жана коомдук кызыкчылыкты кылдат таразалап чыгуу жоопкерчилиги бар экенин эске алсаңыздар", - деди ал.
Белгилесек, окумуштуулар сунуштаган долбоорго ылайык, 36 тамгадан турган кыргыз алфавити сакталып, бирок, жергиликтүү кыргыз сөздөрүн жазууда 28 тамганы (а, б, в, г, д, е, ж, з, и, й, к, л, м, н, ң, о, ө, п, р, с, т, у, ү, ф, х, ч, ш, ы.) колдонуу каралган. Ошондой эле демилгечилер алфавиттеги "Э" жана "Е" тамгалары бир фонеманы билдиргендиктен, кыргыз тилиндеги сөздөрдү "Е" тамгасы менен гана жазууну сунушташкан. Мисалы: егемен (эгемен), елек (электен), емгек (эмгек), ене (эне), ерте (эрте).

