Бишкекте 15 жаштагы кызды зордуктоого шектелип өгөй атасы кармалды
Бишкекте өспүрүм кызды зордуктап жүргөнгө шектелип 64 жаштагы киши кармалды. Маалыматты Бишкек ШИИББдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Белгиленгендей, 1-октябрда үй-бүлөнү жана балдарды колдоо бөлүмүнүн өкүлү Биринчи Май РИИБине арыз менен кайрылган. Айтымында, борбор калаанын тургуну апрель айынан бери 2009-жылы туулган өгөй кызын зордуктап жүргөн.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 155-беренесинин 3-бөлүгү ("Он төрт жаштан он сегиз жашка чейинки курактагы балага карата сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер") менен кылмыш иши козголгон.
Тергөө иштеринин алкагында шектүү катары 1960-жылы туулган жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Белгилүү болгондой, кармалган киши буга чейин дайынсыз жоголгон 3 баланын атасы болуп чыкты.